www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы “Бир Бол” партиясы идеялык өлчөмдө эмес, саясый кызыкчылыктардын басымында түзүлүп, парламенттик шайлоого өтүп алууну гана көздөшкөн. Катарларында мамлекеттин эсебинен байыгандар, саткындар да бар эле. Саясый-идеологиялык пайдубал бекем болбосо, биримдик узакка жашабайт эмеспи.

Анын сыңарындай, “Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулайманов: “Партияда жаңылануу башталды! “Жөжөнү күздө санайбыз” деп билдирүү таратты. Арканды алыс ыргыткандай болду. Башка саясатчылардай ары-бери секирбей, туруктуу позицияны карманып, чечкиндүү түрдө жеңишке даярдыкты көрүү бекемдикти туюндурат. 

Эң оболу, Мыктыбек Абдылдаев “Бир Бол” партиясынын Бакай атасындай болуп, Алтынбек Сулаймановдун жанында калдайып турса эле чоң күч. 70ке таяп калган аксакалыбыз башка саясый топтор менен “соодалашып” кетпесе керек. “Жети өлчөп, бир кес” дегендей, келечектин жолун акылдашып башташса болот. Кыйчалыш кезде тазалануу да оңой. Бийликтин каш-кабагына жараша партия ичинде “ойноп тургандар”, коррупцияга айыпталган шылуундар өздөрү эле кетишет. Андан соң шайлоодо жүк көтөрчү катмарды анализдеп, интеллектуалдык чөйрөдөн таза колдуу бизнесмендерге чейин “Бир Болдун” катарын толуктаганга жол ачылат. Эң башкысы, жогоруда мисал кылгандай, Алтынбек Сулаймановдун жанында Бакай атадай акылманы болсо, калган кыйынчылыктарды жеңүүнүн сыры да бар...

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости