www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук ооруканасына эки жаран коронавируска шектелип жаткырылды деген маалымат тараган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги алар коронавирус менен  оорубаганын NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка таянсак, ушул тапта өлкө аймагында коронавируска кабылгандар жок. Ал эми сөз болуп жаткан эки киши Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен экен.

Санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери Кытайдан келгендерди Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тартиптердин негизинде медициналык мекемеге көзөмөлдөп туруу үчүн алып келишкен. Азыр алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Жарандардан вирусту аныктоо үчүн анализдер алынган, анын жыйынтыгы менен атайын комиссия аларды мындан аркы көзөмөлдөө боюнча чечим кабыл алат.

Белгилей кетсек, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти, сакайып кеткендер — 1 153.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости