www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы премьер-министр 2020-жылдын февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргой турган орган түзүүгө убада берген. Бүгүн 6-февраль болуп калды, ошондой орган түзүлдүбү? Жок! Мамлекет болгондон кийин жарандардын укугун коргошубуз керек. Азыр кимдир бирөөгө анча-мынча акча төлөсөң, каалаган адам жөнүндө толук маалыматты дароо чыгарып берип жатат. Мен буга өзүм күбө болдум.

Жарандардын жеке маалыматы мыйзам аркылуу корголот. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатпайбы. Мисалы, ушундай мыйзамсыз жумуштар менен шугулданган адамга кайсы бир автомашинанын номурун берсең, ал автомашина кимге таандык экени, ал кайсы жерде катталганын, ал адам азыр кайсы жерде жүргөнү жөнүндө маалыматты дароо колуңа карматат. Өкмөт жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүү жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү керек. ГРСте, Социалдык фонддо, мобилдик операторлордо, Салык кызматында коррупция бар. Алар акча бөлүшөт, анан алар маалымат бөлүшөт. Паспорт боюнча да жарнамалар жүрөт. Ошол паспортстолдо иштеген кызматкерлер коррупцияга аралашып калган. Аларды жазага тартуу керек», - деди депутат Марлен Маматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости