www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-февралда Жоогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинин Лицензия боюнча комиссиянын кезектеги отурумдары кворумдун жоктугуна байланыштуу өз маалында өтпөй калып жаткандыктан, чечимдерди күткөн инвесторлор жедеп кыйналып бүткөнүн билдирди.
Ошондой эле, андай жетиштүү кворум чогулта албаган комиссиянын эч кимге кереги жоктугун жана аны тезинен жоюп, жаңысын түзүү керектигин айтты.
«Биздин комитет өткөн жылы бир топ тоо-кен компаниялардын иши менен таанышты. Көрсө, алар социалдык багытта ири өлчөмдө каражат бөлөт экен. Өкмөт аларды иликтеп чыгып, каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышы боюнча алгылыктуу чараларды көрүшү керек. Ошону менен бирге, Рекультивациялык фонддун каражаттары кыймылсыз жата бербей, өлкө экономикасын көтөрүү жаатында пайдаланылууга тийиш», - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg