www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nur Otan партиясы Нурсултан Назарбаевдин атынан коюлган, эми Нур-Султан, Нуркенд шаарларын алмаштырууга да кезек келип калды окшойт. «Бир болдун» илбирсин уурдап алган «Нуротан» символун өзгөртөт болду бекен же «Бир бол» жок эмеспи деп тим койор бекен? Казакстандагы башкаруучу партия Nur Otan "Аманат" деп өзгөртүлдү. Ушул партиянын лидерлеринин бири Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева бийликтен биротоло сүрүлдү.

Партиянын аталышын өзгөртүү тууралуу сунуш саясий бирикменин кезексиз съездинде сунушталган. Казакстандын президенти, партиянын төрагасы Касым-Жомарт Токаев демилгени колдоого алган. Ал ошондой эле элдин биримдиги, кең талаасы ата-бабалардан калган аманат экенин белгилеген: "Калкыбыз эч качан аманатка кыянаттык жасаган эмес. Партия ушул принципти бекем карманат. Ошондуктан мен партияны "Аманат" деп атоону толук колдойм", — деди Токаев. Өлкө башчысы партиянын трансформациясы аталышты өзгөртүп коюу менен гана чектелбеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, коомчулуктун талабына жараша толугу менен алмашууга тийиш.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Минск келишимдеринин аткарылбай калганы Украинанын аймагында согуштук аракеттерге алып келди деп эсептейт: "Минск келишимдери кагаз жүзүндө калып, Украинанын аймагында аскердик аракеттерге алып келди. Геосаясий кырдаал болуп көрбөгөндөй курчуп кетти. Эми, тилекке каршы, бул тенденциянын артка кайтпастыгы жөнүндө сөз кылууга убакыт келди. Ошондуктан, биз эки мамлекет тең сүйлөшүү үстөлүндө тил табышат жана ынтымакка келет деген ойдобуз. Башка жол жок. Жакшы уруштан жаман тынчтык артык. Тынчтыксыз өнүгүү болбойт", - деди Токаев Нур партиясынын курултайында.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсүнө каршы санкциялардын Европада «бактерия» сыяктуу жайылып кеткенин айтып: "Алар санкциялар биздин позициябызды өзгөртөт деп ишенишет, андай болбой турганы анык»,- деди. Украинанын президенти Владимир Зеленскийди президент катары таанууну уланткандарына көңүл бурган Песков:"Ооба, ал Украинанын мамлекет башчысы жана президент катары куралсызданууга буйрук бере алат, ушундайча адам өлүмү болбойт",- деп айтты.

Песков, Орусияга каршы экономикалык санкциялардын негизги жооптуусу катары болсо Америка Кошмо Штаттарын күнөөлөп:"Жалпысынан санкцияларды колдогон Америка Кошмо Штаттары. Алар санкциялардын чоң колдоочусу. Табигый түрдө санкциялар бактерия сыяктуу Европага жайылып кетти", - деди.

Санкциялардан улам Орусиянын позициясында эч кандай өзгөрүү болбой турганын баса белгилеген Песков:"Алар санкциялар биздин позициябызды өзгөртөт деп ишенишет. Андай болбой турганы анык. Эч кимибиз ырааттуу позициябызды өзгөртпөйбүз",-деп билдирди.

Орусия армиясынын Украинадагы атайын операциялары коюлган башкы максатка жетмейин улана берет, башкы милдет — Орусияны Батыш тараптын тышкы кооптуулуктарынан сактоо. Бул туурасында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу айтты. Анын айтымына караганда, аскердик атайын операция "Донбасстын элин коргоо жана Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо" үчүн жасалып жатат.

"Биз үчүн Орусияны Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан согуш кооптуулуктарынан сактоо маанилүү, алар украин элин биздин өлкөгө каршы коюуга аракет кылып жатышат. Орусиянын армиясы Украинанын жерлерин басып алып жаткан жок, жөнөкөй жашоочулардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Чабуул жогорку тактыктагы куралдардын жардамы менен аскердик объектилерге гана урулуп жатат", — деген Шойгу.

24-февралда Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операцияларды баштаган. Орусиянын Коргоо министрлиги жай жарандарга эч кандай кооптуулук жаралбастыгын белгилеген.

Владимир Зеленский Украинаны Европа биримдигине кошуу жөнүндөгү арызга кол койду.  Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи жолу видео кайрылуу таратып, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтты.

Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары Киев шаарындагы телемунаранын Орусиянын аба күчтөрү аркылуу жардырылгандыгы тууралуу сүрөт, видеолор менен бөлүшүштү. Маалыматтарга караганда, Киевдин 385 метрлик бийиктиктеги телемунарасы 110 радиуска чейин телесигнал таратып, полиция кызматынын жана энергетикалык кызматтардын байланыштарын тейлеген. Учурда эки ирээт жардырууга кабылган телемунара иштен чыгып, телеканалдар иштебей калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости