www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн билим берүүнүн жыйынтыгын жана таза суу маселесин караган облустук коллегиялык жыйын болуп өттү. Алгач мурунку коллегияда каралган мамлекетттик милдеттүү камсыздандыруу ишинин жүрүшүн камсыздоо боюнча коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Турак-жайын камсыздандырган жарандардын саны Ош облусунда май айында кескин өскүндүгү айтылды.

Алсак Өзгөн районунда апрель айына салыштырмалуу турак-жайын 3000ден ашуун адам көп каттаткан. Башка райондордо да көрсөткүчтөр дурус. Андан кийин күн тартбиндеги биринчи маселе билим берүүнүн абалы жана окуу жылынын жыйынтыгы каралды. Адистер тарабынан район-шаар, айыл-кыштактардагы мектептер текшерилген. Жыйынтыгында кемчилдиктер менен катар жетишкендиктер, мектеп жааматынын адистик курамынын сапаты, билим берүүнүн деңгээли, мектеги түзүлгөн шарт жана башталгыч класстар үчүн уюштурулган тамактануучу жайдын абалынан бери тыкыр иликтенген.

Негизги басым билим берүүнүн деңгээли жана ЖРТ жыйынтыгы, райондук, облустук, республикалык олимпиадалардагы Ош облусунун окуучуларынын көрөсөткүчтөрү каралды. Бул багытта жетиштүү иш алып барылбай жаткандыгы облус башчысы Таалайбек Сарыбашов тарабынан белгиленип райондук билим берүү башчылары менен район акимдерине сапатка өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койду. Ишиндеги кемчилдиктери жана билим берүүнүн деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу коллегия мүчөлөрү тарабынан Араван райондук билим берүүнүн башчысына сөгүш берүү, ошондой эле Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларына эскертүү берилсе, калгандарына иш жоопкерчилигин күчөтүү милдеттендирилди. 

Андан соң таза суу маселеси каралды. Калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында облус аймагында жасалып жаткан жумуштар жана аракеттер тууралуу маалымат угулду. Район акимдерине мамлекет тарабынан таза суу долбооруна деп бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу жана туура колдонуу, жумушту сапаттуу бүткөрүү, бейөкмөт уюмдар менен кошумча долбоорлорду ишке ашыруу талабы коюлду. Жыйын соңунда КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен таза суу долбоорун ишке ашырууга кошкон салымдары үчүн аймактагы суу чарба адистери сыйланды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости