www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарындагы 90 жаштагы эненин операциядан кийин кыймылдай албай калган 49 жаштагы кызы көз жумду. Бул тууралуу аталган шаардын тургундары билдиришти.

Пристань-Пржевальск аймагында жашаган Бүбүй Эсенаманова кызы Калияны жалгыз багып жаткан. Буга чейин эненин кызынын башында шишик пайда болгондуктан, Бишкекте операция жасалган. Ошондон кийин кызы төшөктөн тура албай калган. Бишкекте каралашканга эч кими жок болгондуктан бейтапты апасы кичи мекенине алып барып, жалгыз карап жатканы айтылган. 

Пристань-Пржевальск аймагынын башчысы Чыңгыз Бапаевдин айтымында, Бүбүй апанын кызы бүгүн, 25-июлда эртең менен каза болду. Бапаев азыркы мезгилде эненин кызына көрүстөндөн жай даярдалып жатканын, бүгүн жерге берилерин айтты. Айыл эли куран окутууга кой сатып берип, боз үй тигишкен. 

Эске сала кетсек, буга чейин жергиликтүү бир катар басылмалар аталган эне тууралуу жазып, аларга жергиликтүү бийлик, активисттер тарабынан жардам көрсөтүлгөн жана кызына жөлөк пул алуу үчүн керектүү документтер даярдалып жатканын маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости