www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин бардык 11 районунун акимдери шаар тургундарына кайрылуу жасап, коронавирус менен күрөшүүдө жетишсиз иш-аракеттери үчүн кечирим сурашты. Аталган кайрылуу жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде чагылдырылган.

"Биз жалпы райондук администрациянын өкүлдөрү, кээ бир үй-бүлөлөрдө кеңири жайылган ооруга жана жакын адамдарынын өлүмүнө алып келген коронавирус менен күрөшүү боюнча ишти өз убагында алдын албагандыгыбыз үчүн тургундардан кечирим сурайбыз", - деп билдиришти акимдер өз кайрылуусунда.

Ошондой эле райондук администрациялардын башчылары COVID-19 менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти. Алардын айтымында, ар бир райондо иштеп жаткан үй-бүлөлүк поликлиникадан тышкары керектүү шаймандар менен жабдылган өзүнчө COVID борборлору түзүлгөн. Бардык райондордо дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын үч айга жеткирүү даярдалган. Акимдер үй-бүлөлүк поликлиникаларда мобилдик топторду түзүү жана аларды "Тез жардам" унаалары менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгилешти. Бардык республикалык клиникалык ооруканаларда коронавирус менен ооругандар үчүн кошумча керебеттер түзүлгөн.

«Биздин облустагы жети үй-бүлөлүк поликлиника күнү-түнү иштөөгө өттү. Алар жетиштүү өлчөмдөгү дары-дармектер жана баштапкы коргоо каражаттары менен камсыздалган”, - деди Мирзо-Улугбек районунун акими Шавкат Иргашев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости