www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмери, сынчы, адабиятчы, Филология илимдеринин доктору Абьганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаевди кепке  тартып, элди каптаган илдет жана аны жеңген кытайлардын ыкмалары тууралуу баарлаштык.

- Азат мырза, дүйнөнү санаркаткан, анын ичинде биздин шаштыбызды кетирген коронавирус биринчи Кытайда пайда болду эле. Кытай тилин билген адис, дипломат катары алар  коронавирус менен кантип күрөшүшкөнүн, эмнеден  айыгышканынын сырын  биле алдыңызбы?

Кытайдын бул апаатка айланган оору менен күрөшүү стратегиясы “4 эрте” деген принциптерге таянды. Биринчиси, эрте аныктоо: бул тездик менен илдеттин очогун, пайда болгон жерди аныктап-тактоо; экинчиси, эрте кабарлоо: очогун аныктагандан кийин жашырбай тезирээк туура кабарлоо, так санына чыгуу; үчүнчүсү, эрте изоляциалоо: оорууларды тезирээк акыбалына жараша “сортировка” (бөлүштүрүп) кылып обочолондуруу; төртүнчүсү, эрте даарылоо: бул оорулууну убакыттан уттурбай тезирээк дарылоого өтүү. Тереңирээк дагы деталдаштырсак ушул негизги принциптер менен кошо Кытайда бийлик, тиешелүү мекемелер 10 багытта иш алып барышты. Булар:
1.    Илдеттин очогу болгон, башаты деп эсептелген жерлерде болушунча массалык тестирлөө жана бул жумушта жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин катуу тескөө. 
2.    Илдеттин очогун, башатын тыкыр изилдеп аныктоо, көзөмөлгө алуу.
3.    Өлкөнүн негизги транспорттук коммуникацияларын, стратегиялык жолдорду, чыгуу-кирүүлөрдү катуу көзөмөлдөө, күмөндүү ооруларды текшерүү, табуу.
4.    Эрте изоляциялоо, ал үчүн дарылоочу жайларды алдына ала даярдап коюу, күмөндүү ооруларды өзгөчө, обочолонтуп кармоо
5.    Оруу жугузган адам менен тыгыз мамиледегилерди, жакындарын көзөмөлдөө, очок болгон жерди толук жабуу же катуу карантинге алуу
6.    Медициналык каражаттарды, дары-дармектерди, тез жардам унааларын, айрыкча дем алдыруучу каражаттары бар машинелерди, жекече коргонуучу каражаттарды (СИЗ) жетишээрлик болушун кепилдике алуу, дезинфекция иштерин аткаруу.
7.    Маданий объекттерди, парктарды, көңүл ачуучу жайларды жабуу, диний иш-чараларды убактылуу токтотуу.
8.    Саясий, маданий, спорттук массалык иш-чараларды токтотуу. 
9.    Базарларды, соода борборлорун, ири соода түйүндөрдү, мал-жандыктарды сатуу, союш пункттарын жабуу.
10.    Пропаганда, агитация жолу менен калкка ачык айкын маалыматтарды берүү, санитардык жол-жоболорду, нормаларды жетиштүү маалымдоо,  жалган маалыматтарды, фейктерди, дүрбөлөңгө салуучу маалыматтарды чыгартпоо, таркаткандарга катаал чараларды көрүү.

Булардан тышкары Кытайда илдетти көзөмөлгө алууда заманбап, инновациялык санариптик технологиялар ойлоп табылып, кеңири колдонулду. 

-Кытайда илдетке кабылгандар эмне ичип, эмне жешти? Бизде бири иттин этин жеп, шорпосун ичүү жакшы жыйынтык берерин айтса, дагы бири жылкынын этине басым коюу зарылдыгын айтышты. Ал эми врачтар суюктуктка жер –жемишке  басым кою керектитигин баса белгилеп жатышат го...

-Кытайда илдеттин учурунда калктын ден соолугуна пайдалуу, илдетке туруштук берүү үчүн кандай тамактануу боюнча дагы көптөгөн илимий пикирлер, сунуштар да байма-бай чыгып жатты. Мисалы, Кытайдын илдеттер боюнча эң эле абройлуу адиси, башкы эпидемиологу Чжун Наншань жана башка дем алуу органдары боюнча адистер мындай пикирлерин билдиришти. Тамактанууда абдан майлуу, ачуу, туздуу тамактардан алыс болуу, а көрөкчө иммунитетти көтөрүү үчүн витаминдүү, белок көп тамактарды тандоо, жашылча-жемиштерге басым жасоо, айрыкча С витамини көп гилас, киви, апельсин, алма, банан, шпинат, капуста, броколли, сабиз, соя, белоктор көп жумуртка, балык эти, сүт, эт азыктары: бирок эт жетишээрлик кайнатылган, жакшы бышкан. Суюктукту жетиштүү ичип туруш керектигин, өзгөчө таза суу, ыссык чайдын пайдалуу экенин белгилешти. Албетте, туура тамактануудан тышкары физикалык көнүгүүлөргө да көңүл буруш керек, узак убакытка отуруу, жатуу болбойт.

Албетте, айтпай кетпесе болбойт, Кытайдын илдетти көзөмөлгө алып, жеңишке жетишкенинин бирден бир себеби элинин, коомунун эң жогорку ички мобилизациясы, тартиптүү, чыдамдуу болушу, санитардык нормаларды, бул багыттагы бийликтин тиешелүү тескемелерин кыңк этпестен өз ыктыяры менен аткаруусу. Бирок мамлекет да ошого жараша өз жарандарын камкордугунан чыгарбай, үйлөрүндө чыкканга шарты жок камалып жаткандарга аскерлерин, ыктыярчыларды уюштуруп тамак-ашын үймө-үй жеткизип жатты. Мамлекетке, элге жардам берүүдө жеке ишканалар, ири компаниялар, бай адамдар да оңбогондой акча каражаттарын кайрымдуулукка берип жатты. Бул жагынан алганда мамлекет менен жарандарынын, элинин ортосунда гармония болду десем болот. Ушул жерде Кыргызстаныбыздын өзгөчөлүгүн айта кетсем, бизде ири ишкана, компаниялар бай адамдарга караганда карапайым эл, жарандардын кайрымдуулугу, жардамдары, айрыкча жаш муундун соопчулук аракеттери басымдуу болгону кубандырбай да, ойлондурбай да койбойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости