www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартта КСДП партиясы узак убакыттан бери айтып келаткан курултайын өткөрүп, анда экс-президент А. Атамбаевди кайрадан партия төрагалыгына шайлашты. Мунун аталышы эле курултай болбосо, таптакыр курултайга окшобой калганы, ал партиянын жөн гана тар курамдагы жыйыны болгону айтылууда.

Биринчиден, курултайга партиянын белдүү өкүлдөрү чакырылбай калды. Мисалы, ЖК депутаттары А. Жээнбеков, Т. Зулпукаров, К. Рыспаев, Ж. Акаев, А. Нурбаев, А. Касымалиева, И. Матраимов жана башкалар партия жыйынына катышкан жок. Алардын кээ бирлери атайылап чакырылбай калса, айрымдары өздөрү барышкан жок. Экинчиден, атайын алыскы аймактардан келишкен айрым делегаттар «Тизмеде жоксуңар» деген жоопту угуп, жыйынга киргизилишкен жок. Үчүнчүдөн, 15 чакты делегат каршылык көрсөтүү катары жыйын болуп атышканда чыгып кетишкени маалым болду. Төртүнчүдөн, жыйынга журналисттер да киргизилген жок.

Мына ушунун баарына карабастан, КСДП өз курултайын өткөрдү деп таап, төрагасын да шайлап салышты. Жыйындан кийин жаңы шайланган төрага А. Атамбаев ММК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал ачык эле президент С. Жээнбековду сынга алып, өкмөт башчысы С. Исаковду кетирип аткан кемчиликтерине карабастан колдой турганын көрсөтүп койду.

Мына ушундан кийин маалымат булактарында эксперттердин, коомдук ишмерлердин ачылган жаңы саясий сезонго карата пикирлери айтыла баштады. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев буга чейин бирдиктүү партия болуп келген КСДП эми мурдагыдай бекем болбой калганын маалымат булактарынын бирине айткан. Анын айтымында мамлекетибиздин түштүк региондорунан келишкен айрым делегаттардын жыйын бүтөөрү менен түшкү тамактануудан баш тартып, форумдан чыгып кетишкени, саясый бирикменин айрым көрүнүктүү өкүлдөрүнүн курултайга чакырылбай калганы партиянын биримдиктүү болбой калганынан кабар берет.

«Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырууну каалабаганы үчүн чакырышкан жок окшойт. И. Матаримов, Т. Зулпукаров да болгон жок. Ооба, буга чейин деле Атамбаев Жээнбеков менен 4,5 саат эмненидир сүйлөшкөндөрүн жазып чыгышкан. Эгерде алардын ортосунда конфликт болбосо, анда мынча узакка эмнени сүйлөшмөк эле?», - дейт ал.

Маалымат жыйынында Ф. Ниязов өз сөзүндө президенттик аппараттын жетекчилиги кызматында дагы деле иштөөнү каалаганын, бирок ага «мүмкүнчүлүк бербей» коюшканын айтканын да О. Молдалиев белгилейт. «Демек, короого келген эмес. А. Атамбаев президент болгондон кийин Р. Отунбаеванын бардык адамдарын өзүнүкүнө алмаштырган. А Жээнбеков дээрлик баардыгын калтырды, айрымдарын гана айтпаганда», - дейт эксперт. О. Молдалиев азыркы партия ичиндеги карама-каршылык кандайдыр бир олуттуу нерсеге алып келбейт деп ишенет. Сооронбай Жээнбеков – легитимдүү жалпы эл шайлаган президент, ага азыр импичмент жарыялоого мүмкүнбү, бул өтө узак жана татаал процесс деп эсептейт ал.

«Бирок, бизге карапайым адамдарга, бул карама-каршылыктар жакшы да болуп кетет. Бийлик узурпациясынан сактанбай койсок деле болот. Негизи, албетте Алмазбек Шаршенович Сооронбай Жээнбековго өзүнүн аппаратын түзүүгө көбүрөөк эркиндик бериши керек. Бизде демократия да, андай кылууга болбойт», - дейт Молдалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости