www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Булардын эмне кылганы? Кыргызстанга мыйзамсыз митингке чыкканга тыюу салынбады беле? Маршуруттук таксилер тайраңдашат тиме эле. Жок дегенде бир күн мурун элге эскертүү болуш керек эле. Эмнеге Албек Ибраимов унчукпайт?", деген пикирин билдирди, жүргүнчү Хадича Калмуратова.
“Камсыздандыруу акысын төлөгүлөрү келбесе, каалаган жерде токтоткудай чоң атасынын төрүндө жүрөбү? Мыйзам качан иштейт кыргызда. Булар канча адамды майып кылды, компенсация төлөп бердиби? Албек Ибраимов кыйын болсо, баардык чириген маршуруттук таксилерди жокко чыгарып, автобус менен камсыздасын. Фирмалардын ээси же Албек жоопко тартылсын”, -деди жүргүнчү.
Эске сала кетсек, бүгүн, 2-апрелде борбор шаарыбыздагы маршруттук каттамдар, эч кандай эскертүүсү жок мыйзамсыз иш таштаган.
Булак: NazarNews.kg