www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто «Ынтымак» коомдук-региондук телерадиокомпаниясынын жаңы дайындалып, жамаатка тааныштырылган жетекчиси бир күн өтпөй кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бакыт Айдаровду 3-майда жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов расмий тааныштырып кеткен.

Ал эми 4-майда Бакыт Айдаров кайрадан жумуштан кетүү жөнүндө арыз жазганын «Азаттыкка» министрликтин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов тастыктап, буга анын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жагдай себеп болгонун билдирди.

Бакыт Айдаров «Ынтымакта»директор болуп 2020-жылдын декабрь айынан бери эмгектенип келген, ага чейин аталган каналдын коммерциялык директору болуп иштеген. Быйыл 17-апрелде ал кызматтан өз арызы менен кеткен.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) текшерүүсү себеп болгону айтылган. Айрым кызматкерлерди атайын кызмат суракка чакырганын «Азаттыкты» жеке булактары кабарлашкан.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгулов 3-майда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, андай текшерүү тууралуу кабары жок экенин айткан.

«Ынтымак» КРТРКсы 2011-жылы аймактык телекомпания болуп ачылган. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кыргыз, өзбек тилдериндеги көрсөтүүлөрдү даярдап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости