www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Курск облусунун Горшечен атындагы Борбордук аймактык оорукананын дарыгерлери жашы өтүп калган бейтапты өлдү деп жаңылыштык менен өлүкканага жиберип салышкан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жашы өтүп калган бейтап ич оорусу менен райондук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын ичегисине операция жасашкан. Операция учурунда бейтаптан коркунучтуу шишик табылган. Операция ийгиликтүү өткөнү менен, аял клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Бейтап 30-40 мүнөт жандандыруу бөлүмүндө жатканына карабастан майнап чыккан эмес. Ал дем албай, тамырлары какпай калган. Мындан улам дарыгерлер бейтапты өлдү деп, өлүкканага өткөрүп беришкен.

Бир күн өткөндөн кийин өлүкканага келген дарыгер бейтаптын тирүү экендигин байкап калган.

Бул облустагы ооруканаларда мээ иш-аракетин жаза турган жабдыктар жетишсиз экендиги белгилүү болду. Дал ушул технологиялар адамдын тирүү же өлгөнүн так аныктайт. Бул аймакта өлүм тышкы белгилер менен аныкталат. Эгерде жүрөк мүнөтүнө бир жолу согуп калса, дарыгер аны укпай да калышы мүмкүн.

Азыркы учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости