www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Нурлан Мотуев менен Текебаевдин саясий маданияттуулукту көрсөткөн кадамы боюнча баарлаштык.
-Нурлан мырза, Фейзбукка “Текебаев” тебилди деген пост жазып чыктыңыз. Бирок, сиз анткениңиз менен “Өмүрбек Чиркешович бул кадамын кыргыз саясатында саясий маданияттуулукту көрсөттү, жаштарга орун берип, жакшы жөрөлгөнү баштады” дегендер арбын. Неге анын чын дилден жасаган кадамынан шек санап жатасыз?
-Ичи анчалык кенен эмес “Текебаев партиясын жаштарга берип койду” дегенге апендилер эле ишенбесе, соо адам ишенбесе керек. Ичи тардыгын ушундан билиңиз. Мындан 15 жыл мурун Акаевдин коррупциялык системасын сындыруу максатында коррупционерлерин Кара-Кечеден кубалап, революциянын максаттарын ишке ашырып жүрсөм, Текебаевдин Кара-Кечеге тиешеси жок болсо да, парламенте бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой кызмат абалынан пайдаланып, коррупционерлерди ордуна алып келип койгон. Тагыраагы, парламентте бакырып атып эле Кара-Кечени Камчыбек Жолдошбаевдерге алып берип, мени каматып салган. Ал мезгилде экөө тең депутат болчу. Бирок, Кудай жалгап бир жылдан кийин акталып чыктым. Сот деле келесоо эмес да. Ак экенимди билип актады.
Текебаев өзүнүн бир интервьюсунда “студент кезимде 35-40 жаштагы агайлар 1-2 курстун кыздарына тийишсе, итиркейим келип, кызганып турчумун” деп айткан жери бар. Талаада жүргөн курсташ кыздарды кызганып жаткан Текебаев партияны өз эрки менен жаштарга берип коёбу? Ошондой эле канча актанса да Текебаев менен Чотонов бир миллион доллар Маевскийден нак эле алышкан. Алганы үчүн унчукпай отурушат. Чындап эле албаган болсо, эбак эле бакырып чыгышмак. Шайлоого катышуунун жолун табышмак. Алар элге жарыяланып кеткен байлыгынан корккону үчүн да тултуйуп унчукпай отурушат. Кыскасы, элдин көңүлүн алуу үчүн, элдин оюн буруу үчүн партияны жаштарга өткөрдүм дегендей түр көрсөтүп жатат.
Чынын айтсак, Атамбаевден мураска калган бийлик деле чыныгы патриотторду, жалындуу жаштарды катарына кошкондон коркуп жатат. Ошон үчүн Садыр Жапаровду шайлоону бузат деп зонадан чыгарбай кармашууда. Менин мөөнөтүмдү болсо бүтүрбөй жатышат. Сыймык Жапыкеевди да соттолгон деген аныктама чыгарышып, шайлоого катыштырбастын айласын жасап жатышат.
-Кандай доомат койсоңуз да, Текебаевдин аракети, партиясын жаштарга берген кадамы эрдикке тете иш болду го. Текебаевден башка эч кимдин партиясын жаштарга бергенге духу жете элек го...
-Мен антип ойлобойм. Партсистеманын өзү бизнес да. Маселен, эң алдыңкы орундарга 1 миллион доллардан алат. Ортодогуларынан жарым миллион, арткыларынан 100 миң доллардан алышат. 70 миллион байлыгынан корккону үчүн, камалып калбайын деп партиясын жаштарга берди. Болбосо бермек эмес.
-Кандай десеңиз да жаштарга кең келечек каалап, партиясын бергендин өзү саясий маданияттуулуктун үлгүсү да, туурабы?
-А дегенде жаш деген саясатчыларыңар тууралуу бир-эки ооз сөз айтайын. Партияга лидер болду, төрагалыкты колго алды деген Жанар Акаев боюнча деле эл арасында жакшы, жаман сөздөр көп эле айтылып жүрөт. Патриот болмуш болуп жүрүп, акча жасоосун жолун жакшы эле өздөштүрүп алганы боюнча де жетиштүү эле кептер бар. Кыскасы, ал оңой-олтоң жигит эмес. Атамбаевдин жакшылыгын көрүп жүрүп, секире качкан жайы да жакшы эмес. Мага Жанар Акевдин аракеттери Текебаевдин жаш кезин эске салгандай сезилет. Айтайын дегеним, Текебаев тигини шапкесин буга, мунун шапкесин ага кийгизип жүрүп, акыры Атамбаев экөө Кыргызстанга келген кырсык деген атка конду. Жанарды дагы ушундай келечек күтүп калышы мүмкүн. Баса, “Ата Мекен” партиясындагы белдүү жаштардын катарын толуктады деп сыймыктанып жатышкан Элвира Сурабалдиева деле жөн кыз эмес. Атасын бишкектин так ортосунда Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев атып өлтүрсө да, арсызданып Атамбаевдин командасына кошулган. Ушулбу “Атамекенчилердин” жаштары. “Атамекенчилердин” катарын толуктаган жаштардан бир гана Тилек Токтогазиев деген жаш бизнесмен жигитке гана ичим жылып турат. Жанар Акаевди эмес, Тилек Токтогазиевди лидер шайласа жакшы болмок экен деп калдым.
Кайра кайра эле Текебаев саясий маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөттү деп ага жан тартасыңар да. Чынында Текебаев эмес, саясий маданияттуулукту мен көрсөтүп жүрөм го. Бийликке жулунбайм, кызматка кызыкпайм. Элдин, жердин көйгөйүн көтөрүп, Кумтөрдү айтып камалам. Саясий маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп жатканыма карабай, кайра эле Текебаевди мактайсыңар да...
Булак: NazarNews.kg