www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн карызы кокобузга чейин жетти деп эле какылдап, бакылдап жатабыз. Бирок, аны уккан баш жакта бирөө-жарым барбы? Эмнеге алар мынчалык тунжурайт? Кытай өкмөтү болсо карызыңардан кутулгула деген коңгуроосун какты. Мындай ишаарат жөн жерден болгон жоктур? Анткени коңшу тажиктер карызга жерин берип араң кутулушту. Демек, бизден да ушуну талап кылышы кеп эместир, кытайлардын.

Ошентип биз асманда асылып калган “өрүктөй” болуп турабыз. Бышкан мөмөнү жеп алсам э-ээ дегендер көзүн жүлжүйтүп абалыбызга турнабайын салып турган кези. Убакыт болсо учкан куштай токтобой зыпылдайт. Башында мээси барлар болсо онтоп жатышат түбү кандай болор экен карыздын деп. Көпөстөр, олигархтар да ордунан козголушуп, не болуп кетер экенбиз, байлыгыбызды эми тарттырып жиберебизби деген санаанын кучагында. Анткени айрым байлардын банкелердеги эсептери тоңдурулду, кыймылсыз мүлктөрүн тизмектеп чыгышты. Ээси болсо жүрөгүн мыкчып, чымындай жаным аман калар бекен деп үңкүйүп, бекинип жатат. Түбүң түшкүр байлыктан ушунча азап тартам деп ойлоду беле мурда? Тескерисинче тайраңдап танса тээп жүрүштү го чириген көпөстөрдүн баары.

Эми кекиртегибизге кептелген орчундуу маселени талкуулайлы? Эмне үчүн эркин жашоону каалаган, Ала-Тоолук көрөңгөлүү эл көсөмдүктү жасай албаган башчылардын, атка минерлердин азабын тартышы керек? Бир торпоктун этин жебеген, кезерип өз оокатын кылууга жанталбастаган, эптеп үй-бүлөсүн мигрант болсо да багууну көздөгөн карапайым адамда эмне күнөө? Алардын курсагын тойгузуш үчүн, же кийимин сатып берүүгө, тамын бүткөрүүгө мамлекет тарабынан кам көрүлбөй калганы качан? Карызга батыргандар болсо дайыма суудан кургак чыгып, балээден кутулуп кетишет. Анан эле жөнөкөй адамдардын мээсине өлкөнүн тоодой карызы бара мык болуп кагылат. Ушул акыйкаттуулук десек кантип туура келсин?

Буйруса туңгуюктан чыгабыз, жыргализмге батабыз дегендин өзү утопия! Маселен, башкасы абалыңа карап күтсө да, кытайлар эч убакта колун оорчулукта сунбайт. Муну катаал тарых тастыктап келген. Ошондуктан эрегишкенди, сын айтканды жыйыштырып оболу кытайлардын карызынан кантип кутулуунун амалын издешибиз кажет. Эгерде ак үйдөн кагылган адилет казык ар бир мекенчил жарандын жүрөгүн зырп эттирсе анын жыйынтыгы сөзсүз үзүрүн берет. Азыр ушул проблеманы ийге келтирүү биринчи маселеге айланышы зарыл. Кыжаалат кылган маселеге кош көңүл мамиле жасалса анда элдин шору. Атайын эсеп ачып коюуга анча акылдын кереги жок. Болгону юридикалык күчү бар экенин аныктаган жоболор такталышы зарыл. Албетте, байлыктан көзү каткандар оңой менен кыймылдабайт. Антсе да бир ыгын таап аларды копшоп койсо бийликтин мыкчыгерлери анан көрүп ал чуркагандарын. Бир нерсенин жытын алдын-ала сезгендер болсо өзүлөрү эле агылып келе баштайт. Анын үстүнө азыр мурдагыдай көз караш менен жашабай калдык.

Ушул маселенин тегерегинде пикир алышуудан ар кандай ойлорго чулгандык. Бирөө мен бир сомумду карматпайм карызга десе, кээ бирөөлөр үй-бүлөбүздүн атынан 20 миң сом берет элек деп агынан жарылышты. Буга окшогон мекенчил жарандар чекеден чыгарына шек жаралбайт. Ошол эле олигархтар байлыкты маңдай терим менен таптым деп шардана кылышканын уктуңарбы? Алар дагы жулуп алсам экен деп сукулдашат. Мейли, байлыгы өзүнө аш болсун, бирок, элдин талабын орундатууга милдеттүү экенин унутпасын да? Булар деле кыргыз жергесинде ээн-эркин турмушун өтөп жатышканы жалганбы? Негизи бизди саздан чет жактан сыйкырчы келип чыгарбайт. Ошондуктан белди бек бууп, өзүбүз чара көрүшүбүз реалдуу. Сөздүн мааниси ушуга келип такалат. Анда эмесе, кыргыздын эрки бекем, элине күйөм деген чыныгы атуулдары бир муштумга түйүлүп денени чыйрыктырган көйгөйдү чечүүгө тикебизден тик туралы! Бириксек, тоону томкорууга күчүбүз жетет. Ал эми бийликтин башчыларынан демилгени колдоосуна, карыздан кутултуунун айкын жолуна салып берүүсүнө ишеним арталы.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости