www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда, гезиттердин беттеринде чагылдырылган укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү макалаларга көз кырын салып турат.Тилекке каршы, көп учурда коомчулуктун алдында ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген макалалар жарык көрүүдө.

Социалдык тармактарда материалдарды жашыруун жайгаштырыш үчүн арналган “Telegraph” (telegra.kg) сервиси аркылуу катардагы маалымат тараган. Такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматты таратуу милиция кызматкеринин кадыр-баркына, ар-намысына зыян келтирүү максатында жасалганын билдиребиз. Көп убакыттан бери ИИОнун жетекчилерин каралоого аракет кылышып, укук коргоо органдарына болгон ишенимди үзгүлтүккө учуратуу үчүн ар кандай иш-аракеттерди көрүшүүдө.

Жеке инсандын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирип, чындыкка дал келбеген провакациялык маалыматтарды таратуучу булактардын бири болуп, азыркы күндө “Telegraph” эсептелүүдө.

Кээ бир инсандар ар дайым терс көрүнүштөгү маалыматтарды издөө менен алектенишип, ушактарды, жалган маалыматтарды колдонуу аркылуу коомдук ой-пикирди буруп, абалды өзгөртүү үчүн колунан келген ар кандай мүмкүнчүлүктөрү колдонушууда. Катардагы кумар оюндарынын айланасындагы жалган маалыматты таратышкандыгы таң калаарлык эмес.

Жакында, ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Ош ШИИБдин 2018-жылдын биринчи чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн кеңешмеге катышып, жергиликтүү тургундар тарабынан кумар оюндарын ойнотуучу жайларга нааразычылыгын билдиришип, карапайым элдер өз мүлктөрүн (турак-жай, автоунаа, ири көлчөмдөгү акча каражаты) уттуруп жаткандыгы тууралуу билдирген. Ушуга байланыштуу, кыска убакыттын ичинде кумар оюндарын ойнотуучу жайларга тиешелүү чараларды тез арада көрүү боюнча тапшырма берген.

Ош шаардык милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда компьютердик клубдун атын жамынып, иштеп жаткан кумар оюндарын ойнотуучу жайдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшкан. Андан сырткары, Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан кумар ойнотуучу 26 жай текшерилди. Жогоруда аталган жайлар боюнча топтолгон материалдар ички иштер органдарында катталып, кийинки иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн башка укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Макаланын автору ИИМ мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жайларды аныктоо, ишмердүүлүгүнө бөгөт кою менен алектенип жаткандыгына өзгөчө кызыктар экендигин баса белгилеген: Ал кумар оюндарынын ишине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамдын нормаларын ишке ашырууну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жүргүзүш керек” деп жазат Бирок, макаланы жазгандар эң башкы нерсени унутуп калгандай. Анткени, ички иштер органдары мыйзамды бузган ар бир факты боюнча ар дайым иш жүргүзүп келген жана иш жүргүзүп келе берет.

Учурда Кыргыз Республикасынын жогорку органдарына, укук коргоо күч структураларына да карапайым калктан көз жашы төгүлгөн кайрылуусу келди. Анда үйүнөн айрылган, үй бүлөлүк турмушу бузулган, автоунаасы, үйү кошо жок болгон, мал жанынан айрылгандар, ата энелер кайрылып ушул кумар оюндарын кан бууган токтотуп бергиле, балдарыбыздын келечеги эмне болот деген суроолорду коюп жатышат. Ошол себептүү бул багытта ИИМ тарабынан катуу жана кескин чаралар көрүлөт. Ошондой эле, ички иштер министрлиги макаладагы кадрдык дайындоолор тууралуу жалган маалыматтын чындыкка дал келбегендигин эскертет. Муну ички иштер органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин каралоого гана багытталган катардагы иш-аракеттер деп эсептөөгө болот. ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости