www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы колдонуудагы Конституция кыргыз элинин мүдөѳ-талабын толук аткарбай жатат. Бийликтин элге отчеттуулугу жана жоопкерчилиги камтылган эмес. Жогорку Кеңештин депутаттары элдин өкүлдѳрү эмес партиянын ѳкүлдѳрү болууда.  

Соттор Президентке жана Жогорку Кеңешке кѳз каранды болуп калган. Булар кечиктирилбей түп-тамыры менен ѳзгѳртүлүүсү тийиш. Жогорку Кеңеш мындай кемчиликтерди оңдоого кызыктар эмес. Биз Туруктуу Элдик Кеңеш (ТЭК) жогоруда айтылган маселелерди бир жылдан бери тынбай кѳтѳрүп келебиз.

Тилекке каршы бийликтен эч кандай жооп жок. Ушуга байланыштуу Конституциялык укуктарыбызды пайдаланып Конституциядагы жогорку кемчиликтерди толугу менен ѳзгѳртүү боюнча Бишкек шаарында 2018-жылдын 14-майында демилгечи топ түзүлѳт жана активдүү иш аракеттер башталат.

ТЭК (Туруктуу Элдик Кеңеш) кыймылы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости