www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кычкылтек концентратын алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен шектүү  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарынын  Биринчи Май РИИБне Бишкек шаарынын Улан кичи районунун    тургуну  1987-жылы туулган И.Э. арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү  Бишкек шаарынын Разаков көчөсүндөгү  үйдүн жанынан  бейтааныш Максат  аттуу жаран алдамчылык жол менен ишеничке кирип «кычкылтек концентратын» 300 АКШ долларына  алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып  качып кеткенин маалымдаган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБна 2020-жылдын 13-июль күнү КЖБРга  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.

Тергөө тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 28-июль күнү  Кыргыз Республикасынын ИИМдин  КМКнын МКККУБнүн жана Бишкек ШИИББнүн КМКнын МКККБнүн  кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунун   тургуну   1997-жылы туулган  О.М. кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыштан тышкары мамлекетте пандемия учурунда ооруга чалдыккан, муктаж «кычкылтек концентратына»  болгон дагы 5 жаранды алдамчылык жол менен ишеничке кирип «кычкылтек концентратын» акчасын алып качып кеткендиги аныкталган. 

Азыркы учурда, жогоруда кармалган шектүү О.М. Кыргыз Республикасынын   ЖПКнын 98-беренесинин  негизинде Бишкек ШИИБнын Тергөө кызматы  тарабынан  убактылуу  кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости