www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Азимжан Аскаровдун туугандары кыргыздар көрүн казып салат деп кооптонуп, Өзбекстандан  жер сурап  жатышканы боюнча айрым инсандарга кайрылып, чын эле  Аскаровдун туугандары кооптонгудай жагдай орун алышы мүмкүнбү?- деген суроо узаттык.

Токон Мамытов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы:

“Бизде мындай жорук тарыхыбызда болгон эмес. Кыргыздын каада-салты буга жол бербейт. Бизде үйүбүзгө жылан кирсе дагы ак чачып узаткан калкпыз".

Эске сала кетсек, Аскаровдун бир тууган эжеси «Азаттыкка» «Биз адегенде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, абалыбызды айттык. Алар түшүнүү менен кабыл алышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Уулубуз Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигине «атамдын сөөгүн алып кеткенге уруксат бергиле» деп өтүнүч кат жазды. Эмне себептен билбейм, иш бир аз кетенчиктеп, чечилбей турат. Азыр Тышкы иштер министрлигинин жообун күтүп отурабыз», деп маек берген.

Айрым жергиликтүү ЖМКларда Азимжан Аскаровдун сөөгүн жерге берүү тууралуу ар кандай талкуу болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости