www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда «Сардоба» суу сактагычындагы дамбанын жырылып кетүүсүнөн жабыркаган жергиликтүү тургундар президент убадалган 40 миллион сумдук (4 миң доллар) компенсацияны ала албай жатышканын билдиришүүдө.

Быйыл 1-майда дамба жырылгандан кийин каптаган суудан Сырдарыя облусуна караштуу Сардоба районунун «Дустлик» маалеси көбүрөөк зыянга учураган. Ушу тапта мааленин 50гө жакын тургуну эвакуацияланган адамдар жайгаштырылган имараттарда жашап жатышат.

«Бийлик суу каптаган жердеги мен жана төрт бир тууганым жашаган көп кабатуу үйлөрдү бузган. Президент убадалаган 40 миллион сумдук компенсацияны бир иним гана алды. Калгандарыбызга бир тыйын да бериле элек. Облустук, райондук акимчиликтерге кайралганыбыздан майнап чыккан жок, баары тең биз көп кабаттуу үйдө жашагандыктан маселени чечип бере албай тургандыктарын айтып жатышат. Көп кабаттуу үйдө жашаганыбыз менен короодо уй сарайыбыз, мончобуз бар болчу. Суу каптаганда алардын баары жарабай калды», — деди Орзу Ахмедова аттуу жергиликтүү тургун.

Расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчынын тапшырмасы менен облустагы суу каптоодон жабыркаган 4025 үйдүн ээлери 40 миллион сумдан компенсация алышы керек. Мындан тышкары ушундай эле суммада облустун дагы 1818 тургунуна материалдык жардам берилери кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости