www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты.

«Бүтүн Кыргызстан», «Коммунисттер», «ДДК», «Тынчтык», «КСП», «Улуу Журт», «Бийлик элге», «Жашылдар» партиясынын ондогон тарапкери "бир катар одоно мыйзам бузуулар болду» деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Ошондой эле кайрадан шайлоо жарыялоо керектигин айтып жатышат.

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты. Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өттү. «Эмгек» партиясы 9 мандат, «Ак Бата» 8, НДПК 8, «Ата Журт Кыргызстан» 7, «Ынтымак» 7, «Биздин эл» 6 мандат алышы мүмкүн.

Жекшемби күнү Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы «макул» деген добуш беришти

Боршайкомдун билдирүүсүндө, шаардык кеңештерге мандаттар пропорцианалдуу система менен бөлүштүрүлөт.

Азыркы учурга чейин 98% шайлоо тилкелерден маалымат келди. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости