www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында дүйшөмбүгө караган түнү полициянын колунан каза тапкан 20 жаштагы Данте Райттын өлүмүнөн кийин башаламандык тутанды.

11-апрелде жүздөгөн адам Миннеаполистин четиндеги Бруклин-Сентер шаарчасындагы полициянын кеңсесинен жанына чогулуп, ортодо кагылыш орун алды.

Анда полиция жаш агызуучу газ менен кулак тундурган граната колдонду. Демонстранттар полициянын эки машинесин таш бараңга алышты. Бул окуя тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Полиция Данте Райтке кандай жагдайга ок жаңылганы тууралуу маалымат берип, окуяны "күтүүсүз кырсык" деп атады жана каршылык акциясына чыккандарды зордук-зомбулуктан карманууга чакырды.

Ага ылайык, афроамерикалыктын машинеси жол эрежесин бузганы үчүн токтотулган, документтерин текшерүү учурунда аны камоого ордер бар экени аныкталган. Райт полицияга баш бербей качууга аракет кылган. Бул учурда полиция кызматкери анын машинесине карай ок чыгарган. Ал бирок бир нече көчөнү аралай качып, башка бир машинени сүзүп, токтогон. Алган жаракатынан улам ошол жерде үзүлгөн.

Былтыр май айында штатта полиция күч менен кармаганда мерт болгон дагы бир афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам АКШда тоз-тополоң менен коштолгон калайман каршылык акциялары өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости