www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектеги №25 орто мектептин аймагында биринчи космонавт Юрий Гагариндин бюсту орнотулду.

Иш-чарага катышкан Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева бюсттун орнотулушу 12-апрель – Космонавтика күнүнө карата ишке ашырылганын белгилеп кетти.

«Бүгүнкү күндө Юрий Гагариндин ысымын №25 орто мектепке ыйгаруу маселеси мэрияда каралууда», - дейт ал.

Вице-мэр ошондой эле космосто 565 адам болгон болсо, анын 60ы аялдар экендигин айтып өттү.

Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев космосту мекендешибиз Салижан Шарипов да багындырганын айтты.

«Президент Садыр Жапаров Гагариндин бюстунун орнотулушун колдойт. Жакында ушул райондо Юрий Гагарин атындагы сквер курулушу мүмкүн», - деди Базарбаев.

Эске сала кетсек, Юрий Гагариндин бюсту «Диалог Культур – Единый мир» коомдук фондунун президенти Руслан Байрамов тарабынан даярдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости