www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясында 3 аскер өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги чыккынчылык кылгандыгы жана душман менен кызматташканы үчүн түрмөгө кесилген үч аскерди өлүм жазасына тартканын жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, министрлик расмий сайтына айыптоолорго байланыштуу сот процесстери акыйкат өткөнүн жана ошого жараша сот айыпталуучуларга өлүм жазасын бергенин билдирген.

Өлүм жазасы Сауд Арабиясынын согуш жүрүп жаткан провинциясында ишке ашканы белгилүү болду.

Өткөн жылы Иранда 27 адам өлүм жазасына тартылды деп жарыялангандан кийин Бириккен улуттар уюму баш болгон адам укуктары боюнча бирикмелер Эр-Риядды өлүм жазасын алып салууга үндөшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости