www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынган мамилелер, каржылык көз боёмочулук жана мамлекеттик документтерди кылмыштуу жасалмалоо - чоң саясат дүйнөсүнүн экинчи тарабы. Бул сырлар коомчулук эч качан билбесин деген үмүт менен сакталат. Бирок кээде "ыплас" окуялар ачыкка чыгып, шайлоочулардын нааразычылыгын жаратып, саясатчылардын бети кызарып, өзүн актоого аргасыз кылат.

"Teapot Dome"

"Teapot Dome" деген ат менен белгилүү болгон коррупциялык жаңжал АКШдагы эң чоң саясий чатактардын бири болуп саналат. Ал АКШнын Аскер-деңиз флоту тарабынан шашылыш пайдалануу үчүн сакталган Вайоминг штатындагы коомдук жерде жайгашкан мунай кени. Бирок 1920-жылдары көптөгөн саясатчылар мындай "резервдерден" көп муктаждыкты көрүшкөн эмес, андыктан бул жерди жакшы төлөй алгандарга ижарага берүү алда канча пайдалуу деп эсептешкен. Ички иштер министри Альберт Б.Фолл дагы ушундай ойлогон жана анын идеясын президент Гардинг өзү колдогон. 

Фолл өзүн кырдаалдын кожоюну катары сезип, эң оңой жана кирешелүү жол менен аракеттенүүнү чечкен. Ал атаандаштык сооданы уюштуруунун ордуна жакын досу ийгиликтүү мунай компаниясынын ээси Эдвард Л. Догени менен дароо эле ижара келишимине кол койгон. Көңүлү көтөрүлгөн Догени карыз алды деген шылтоо менен досу Фоллго ыраазычылык катары 100 миң доллар берген. Ага ыраазы болуп, министр өзүм билемдик менен АКШнын Аскер-деңиз флотуна Вайомингге барып, "Teapot Dome" мунай кениндеги бардык атаандаштарын кууп чыгууга буйрук берген. Албетте, куралдуу кол салууга кыжырданган мунайчылар сотко кайрылышкан. Дал ушул жерде Фолл менен Догенинин айла-амалдарынын бардык жагдайлары ачыкка чыккан. Мунай магнаты өзүнүн министр досун түз мааниде байытканы белгилүү болгон. Ал 100 миң доллардан тышкары ага 300 миң долларга жакын кымбат баалуу белектерди (бүгүнкү акчага которгондо, паранын жалпы суммасы 5,79 миллион долларды түзөт) бергени аныкталган. 1927-жылы Жогорку сот Фоллду паракорчулук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп таап, бир жылга эркинен ажыраткан. Ошентип, Альберт Б.Фолл түрмөгө отурган биринчи америкалык министр болуп калган. Ал эми Уоррен Гардингдин администрациясы тарыхтагы эң коррупциялашкандардын бири катары калган. 

Чаппакуиддиктеги окуя

Джон Кеннеди 1963-жылы Далласты кыдырып жүрүп өлтүрүлгөндөн кийин, анын иниси Эдвард Америка Кошмо Штаттарынын кийинки президенттигине ыктымал талапкер катары олуттуу түрдө карала баштаган. Ал ага чейин маркум агасынын үгүт иштерине катышып жүргөн, Массачусетс штатынын прокурорунун жардамчысы болуп иштеген жана Демократиялык партиянын эң таанымал жана таасирдүү мүчөлөрүнүн бири болгон. Ага чоң үмүт артылып, "Сенаттын арстаны" аталган. 

Бирок Эдвард америкалыктардын үмүтүн актаган жок. 1969-жылы 18-июлда кечинде саясатчы Чаппакуиддик деген чакан аралдагы кечеге барган. Сылык-сыпаа жана көркөм сүйлөгөн Эдвард аялдардын арасында абдан популярдуу болгон, ошондуктан бир нече сааттан кийин анын унаасы жакынкы мейманкананы көздөй бет алганы, ал эми жанында Мэри Джо Копечне аттуу жаш сулуунун отурганы таң калыштуу эмес болчу. Эдвард Дайк-Бридж көпүрөсүнөн өтүп бара жатып башкарууну жоготуп, унаа сууга түшүп кеткен. Саясатчы жээкке чыгууга үлгүргөн. Бирок Мэри Джо Копечне сууга чөгүп каза болгон. Кийинчерээк Эдвард айтып өткөндөй, ал Мерини алып чыгууга бир нече жолу аракет кылган, бирок катуу агымдан улам алардын бири да ийгиликтүү болгон эмес. 

Эдвард болгон окуяга ишене албай, куткаруучуларга же тез жардам кызматына чалбай, ошол түнү мейманканага жалгыз кайтып келген. Эртеси сууга чөгүп кеткен кыздын жансыз денеси табылган. Ошондон кийин гана Эдвард полицияга күнөөсүн мойнуна алып барган. Бир жумадан кийин сот жараяны болуп, анда саясатчы кылмыш болгон жерден кетип калганы үчүн күнөөлүү деп табылган.

"Бунга-бунга"

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони ийгиликтүү бизнесмен жана медиамагнат катары белгилүү болгон. Ал өзүнүн медиа байланышын пайдаланып, италиялыктарга өзүнүн таланты жана эмгеги менен жашоосунда бардык нерсеге жетишкен миллиардердин образында өзүн көрсөтүп, чоң саясатта жеңишке жеткен. Шайлоочулардын колдоосуна ээ болгон Сильвио Берлускони 58 жашында Италиянын премьер-министрлик кызматына киришкен.

Италиялыктар ал өлкөнү социалдык теңчиликке алып барат, эркин рыноктун гүлдөшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, элдин салттуу баалуулуктарын сактап калат деп ишенишкен. Бирок бул адам Италияны эмес, өзүнүн жыргалчылыгын көбүрөөк ойлогону ачыкка чыгат. 1995-жылы премьер-министрге каршы бир нече иликтөөлөр дароо башталган - ал каржылык документтерди жасалмалоо, банк эсептери менен алдамчылык, паракорлук жана коррупция боюнча шектелген. Бул анын аброюн түшүрүп, кийинки шайлоолордо анын атаандашы Романо Продинин жеңишине алып келген. 

Бирок Берлускони багынбоону чечип, андан да агрессивдүү саясий кампанияны жүргүзө баштаган. Италиялыктарды түзмө-түз пропагандалык тележарнактар, брошюралар жана жомоктогудай убадалар каптаган. Ал дагы үч жолу премьер-министр болуп, саясий карьерасы алга жылган сайын анын былыктары чыга баштаган. 

2010-жылдын аягында Берлусконинин вилласындагы жеке "бунга-бунга" кечелеринин чоо-жайы ачыкка чыккан эң сенсациялуу жаңжал болуп калган. 2011-жылдын 15-февралында Милан сотунда премьер-министрге каршы жашы жете элек өспүрүмдөр менен сексуалдык мамиледе болуусу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Руби-сердцеедка лакап атка ээ болгон жеңил ойлуу кызды түрмөдөн чыгарганы үчүн айып тагылган. Кийин Руби-сердцеедка анын көңүлдөшүнө айланган. Прокуратура ошондой эле Берлусконинин атайын Аркоредеги Сан-Мартино вилласында ичкилик, бузулук менен өткөрүлгөн "бунга бунга" кечелерин өткөргөнүн далилдей алган. 

Ал эми Сильвио Берлускони кечелерде эч ким жыныстык катнашка барбаганын, кыздар өздөрүнүн бой жеткенин айтканын, кечеге бекер катышууга макул болушканын айтканда, прокурор анын бардык билдирүүлөрүн жокко чыгарган. Сот аны 7 жылга эркинен ажыраткан. Анткен менен саясатчынын жактоочулары акырына чейин күрөшүшкөн. Алар Берлускониге коюлган бардык айыптар алынып салынганга чейин нааразылык акцияларын жана апелляциялык арыздарын берүүнү улантышкан.

Профьюмонун окуясы 

Джон Профьюмо, Кристин Килер жана Евгений Иванов

Саясий жаңжал "Профьюмонун окуясында" британ аристократтарынын кызыктыруучу сырлары, мамлекеттик коопсуздукка коркунуч, жеңил ойлуу кыз жана жада калса советтик тыңчы чагылдырылган. 

Мунун баары 1961-жылы согуш катчысы Джон Профьюмо менен бийчи Кристин Килердин ортосундагы тыюу салынган сүйүү мамилесинен башталган. Албетте, көптөгөн британ аристократтардын мындай мамилелери бар болчу, бирок бул учурда Кристин советтик дипломат Евгений Иванов менен дагы мамиледе болгондугу абалды татаалдаштырган. Чуулгандуу сүйүү үч бурчтугу ачыкка чыгып, британ өкмөтүнө чейин жеткен. Анткени, бул кыздын эки жогорку даражалуу көңүлдөшү тең өз өлкөлөрүнүн мамлекеттик сырларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Атүгүл Евгений Иванов Улуу Британияга душмандын чалгындоо кызматынын атайын тапшырмасы менен келген советтик тыңчы болгон деген кептер чыккан. 

Джон Профьюмо жубайы Валери Хобсон менен

Улуу Британиянын мамлекеттик сырларынын ачыкка чыгышы далилденбегенине карабастан, Джон Профьюмо өкмөттөн маскара болуп кетүүгө аргасыз болгон. Ал өзүнүн репутациясын калыбына келтириш үчүн көптөгөн жылдар бою кайрымдуулук уюмдарында бекер иштеген. 

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости