www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Тараз шаарынын тургуну Анар Бексултанова эки колу жок төрөлгөн. Аял 35 жашында буту менен тиккенди үйрөнүп, жеке бизнесин, тактап айтканда, үйүндө тигүү цехин ачкан. Алгач кошуналардан, туугандардан гана буйрутма түшсө, азыр жылына 100дөн буйрутма келип түшүүдө.

"2014-жылы инфляциянын айынан көбү бизнесин жоготту. Албетте, ал кезде оңой болгон жок. Бирок биз бизнести сактап калдык, пандемия учурунда онлайн сатууга өттүк. Сооданы өздөштүрүп алдык. Цехтен чыкпай иштедик", - дейт ишкер айым.

Бизнесин кеңейтүү үчүн ишкер айым бир нече жолу мамлекеттик гранттарды алган. Бөлүнгөн каражатка 10 заманбап тигүү машинасын алган. Азыр ал алты адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылып келет. 

Ишкер бизнестен тышкары “Шебер шаңырак” коомдук бирикмесин түзүп, өзгөчө муктаж 40 айымга тигүүчүлүк боюнча сабактарды өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости