www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир үй бүлөдөн 3 адам каза болду

Ош—Бишкек унаа жолунун 253-чакырымындагы кырсыктан каза болгон 4 адамдын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү болушкан. Буга чейин маалымдалгандай, оор жүк ташуучу унаа менен «Опель Зафира» үлгүсүндөгү унаа 13-январда саат 14:10 чамасында кагышкан эле.

Аймактык кабарчы тактаган маалымат боюнча, маркумдардын бири «Опель Зафира» унаасын башкарып бара жаткан. Айдоочу, анын атасы менен жубайы окуя болгон жерде көз жумуп, жубайлардын 7 жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу оор деп бааланып жатат. 

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, кырсык болгон жерде жол белгилери турат. Чукул бурулушту эскерткен белги болсо да жол эрежеси сакталган эмес.

«Жеңил унаа биринчи бардерди сүзүп, андан кийин капталы менен өз жолунда келе жаткан оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7 орундуу унаада Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургундары бара жаткан. Ал унаадагы 7 адамдын төртөө каза болсо, үчөө ооруканага жеткирилди.

Көз жумган жарандар:

- 1951-жылы туулган Т.Конур;

- 1980 -жылы туулган Т.Абдыманап;

- 1991-жылы туулган А.Эшмурза;

- 1987-жылы туулган Ж.Мадина.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости