www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети "Идеал хаус" шаарчасы боюнча иликтөө материал даярдаган журналист Элнура Алкановага байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилигине кат жолдоду. Анда кайсы мыйзамга таянып журналистке өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы боюнча суроо коюлган.

Буга чейин журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка чакырылган.

Аталган кызмат бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирүү менен чектелүүдө. Бул мекеменин чечими менен Элнура Алканованын Кыргызстандан сыртка чыгышына тыюу салынган болчу.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин катында журналисттин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу анын ишмердүүлүгү менен түзмө-түз байланышы бар экени белгиленип, аны басмырлоо, жарандык жана Конституциялык укуктарды бузулуп жатканы айтылган.

Булак: Азаттык

Последние новости