www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңиздерде болсо 5-Январь күнү Жой-Белент айылынын тургундары Соломо участкасында иштеп жаткан "KGM LTD " компаниясына нааразычылыктарын билдирип, Ала-Бука районунун акими С.Абдылдаевичке жана Ала-Бука районунун прокурору М.Жормоновго кайрылуу жөнөтүшкөн эле.
Бүгүн, 15.01.2018 кайрылуу жөнөтүлгөнүнө толугу менен 10-күн болуп,жогору жактагылар тараптан эч кандай жооп болбогондугуна байланыштуу Жой-Белент эли бүгүн саат 10:00дө кайрадан кезексиз митингке чыгууну пландап жатышат.
Эске сала кетсек,Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасында "KGM LTD" ЖЧКсы 2010-жылдан бери алтын казуу боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Ушул убакыт ичинде жергиликтүү тургундардын ой-пикирин эске албастан өзүм билемдик менен иш жүргүзүп келе жатат. Кее бир инсандардын ишеничине кирип айылдарды уруштуруп жибергенге чейин барган учурлар болгон.
2015-жылдын 23-июнунда түзүлгөн келишим боюнча бүгүнкү күнгө фирма 6 900 000 (алты миллион тогуз жүз миң) сом карыз экендигине карабастан,эл менен эсептешпей 2017-жылдын декабрь айында иш баштаган.
Нааразы болгон жергиликтүү тургундар фирманын ишин токтотконго мажбур болушкан.Аз убакыттын ичинде бир нече жолу чогулуштар өтүп,карыздарын төлөө боюнча шарттар коюлган жана андан кийин жаңы келишимдин негизинде иш баштоо боюнча чечимдер кабыл алынган.Бирок,ошого карабастан карызды төлөөдөн качуу максатында жергиликтүү тургундарга,кеңештин айрым депутаттарына,айыл өкмөт башчысына укук коргоо органдарына кайрылуу менен кысым көрсөтүү фактылары катталууда.
Бул нерсе элдин кыжырдануусун кайра күчөтүүдө. Эгер ушундай жол менен иш тутса фирманын мындан ары иш жүргүзүүсүнө эч ким кепилдик бербейт.
Ошондуктан ушул маселелерди мыйзам чегинде 1 жумалык мөөнөттө чечип берүүңүздөрдү суранабыз.Эгер маселе оң жагына чечилбесе кезексиз митингке чыгып,тийиштүү органдарга кайрылуу менен фирманын ишин токтотуу иш чараларын баштоого баарарыбызды эскертебиз- деп билдирүү калтырган Эрнист Атабеков.
Булак: NazarNews.kg