www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн www.legalmap.gov.kg интерактивдүү картасын жаңылоону аяктады жана кеңири колдонуу үчүн анын ишке киргизилгендигин расмий жарыялайт. Эми жаңыланган интерактивдүү карта жарандардын укуктук маалыматка жетүүсүн жакшыртат жана юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү издөө процессин жеңилдетет. Презентация төмөнкү дарегинде өткөрүлөт: Юстиция Министрлиги, Жаш Гвардия бульвары №32, 2-чи кабат, конференц-залында саат 14:00.

Картада бүтүндөй республика боюнча 1 473 юридикалык кызмат көрсөтүүчү жөнүндө маалымат камтылган. Алардын арасында мамлекеттик жана коомдук уюмдар бар: акысыз юридикалык жардам борборлору, соттор, прокуратуралар, милиция бөлүмдөрү, аймактык адвокатуралар, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыктар, нотариустар, акысыз юристтер жана адвокаттар, кризистик борборлор, аксакалдар соттору, аялдардын кеңештери, менчик юридикалык фирмалар, жеке адвокаттар ж.б.

Интерактивдүү карта 2015-жылы эл аралык уюмдардын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан түзүлгөн. 2017-жылы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда карта олуттуу түрдө жакшырды жана орус, кыргыз тилдеринде жеткиликтүү. Эми жарандар керектүү юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү оңой жана тез таба алышат. Картада ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына баа берүүнүн жаңы функциясы жана көп берилүүчү суроолордун жана көп жайылтылган укуктук суроолорго жооптордун жаңы бөлүмү бар. Андан дагы, legalmap.gov.kg жаңы мобилдик тиркемеси иштелип чыкты, ал Android мобилдик түзүлүштөрү үчүн жеткиликтүү жана аны Интернетке кошулбастан эле колдонууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости