www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир жумада Чүй облусунда үч миңден ашуун айдоочу жолдо жүрүүнүн эрежесин бузганы аныкталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

21-августтан 29-августка чейин жолдо жүрүү боюнча 3012 эреже бузулуп, 59 айдоочу мас абалында машине айдап жүрүп кармалган.

945 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып, 34 адам документи жок унаа башкарган.

Август айында өлкөдө катталган жол кырсыктарынан ондогон адамдар каза болду.

2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңден ашык жол кырсыгы катталып, 400дөн ашык киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости