www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар 1-сентябрдан тарта жумушун баштайт

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары жакынкы күндөрү ишке чыгат.

ЖКнын маалымат кызматы 1-сентябрда саат 10:00дө кезектеги сессиянын расмий ачылышы болорун айтты.

Эске салсак, депутаттар каникулга 30-июнда кеткен. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана КРдин Жогорку Кеңешинин регламентинин 34-беренесине таянып, 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган. Ага Конституциянын өзгөрүшү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абал себепкер болгон. 29-июлда депутаттар келип түшкөн мыйзамдарды, Баш мыйзамды кабыл алып, кайрадан эс алууга кеткен.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 28-ноябрда болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости