www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-август күнү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык “МИСТЕLAND” деген аталыштагы мисте фестивалы өттү.

Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартуу.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалад-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев, жеке ишкерлер жана илим чөйрөнүн адамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

“МИСТЕLAND” фестивалы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Нурлан Шаршеналиевдин демилгеси менен уюштурулган.   

--“Биз бул фестиваль аркылуу Ноокендин ак алтыны мистесин даңазалап, эл аралык деңгээлде экспорттоого жол ачалы деп жатабыз. Келечекте суроо-талап жогору болот деген ниет бар. Мындан тышкары башка бул аймакта жаңгак, өрүк-мейиз жана башка жашылча-жемиштер көптөгөн түрлөрү бар. Аларды дагы ушул иш-чара аркылуу элге жайылтууну көздөп жатабыз.

Ноокендин бренди катары чыккан товарды өндүрүү аракети күч. Мисте бышкандан кийин атайын кургатылып, куурулуп, жасалгаланган. Жакынкы күндөрү соода түйүндөргө таратылат. Сыртка экспорттоого көмөктөшүүнү каалагандар болду, алдыда сүйлөшүүлөр жүрөт”, - дейт аким.

Кошумчалай кетсек, май айында өлкөдөгү бардык райондордун акимдери ротацияланган.

Анда Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости