www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кабул эл аралык аэропортуна беш ракета атылды

Кабулдагы Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортко беш ракета атылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта CNN телеканалы АКШнын расмий өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.

Ракеталар C-RAM коргоо системасы тарабынан атып түшүрүлгөн. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Телеканалдын маектеши ракеталар, кыязы, Орусияда тыюу салынган ИГИЛ-Хорасан тарабынан учурулганын айтты. Бирок, анын айтымында, бул тууралуу так маалымат айтуу азырынча мүмкүн эмес.

Рейтер агенттиги ракеталар машинадан атылганын кабарлады. Алар шаардын ар кайсы жерлерине келишти. AP агенттигинин маалыматына ылайык, ракеталар Салим-Каруан аймагына түшкөн. Андан кийин ал жерде ок атуулар да угулган.

26-августта Кабул аэропортуна жакын жерде теракт болгон. Дээрлик 200 киши, анын ичинде 13 америкалык аскер набыт болду. Буга жооп катары АКШнын президенти Джо Байден террорчуларга сокку урууну убада кылды.

29-августта Кошмо Штаттары Кабулда жардыруучу заттары бар машинага пилотсуз ракеталык чабуул жасаган. Америкалык аскерлердин айтымында, анын жардамы менен террористтер теракт жасамак болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости