www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы сотко болгон мамиле ар кандай талаштарды жаратып келет. Ошол эле учурда сот процесстеринде катышкан күбө же айыпталуучулар дагы жалган айтып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүп келген учурлар кездешет. Мындан  тышкары, өлкөдө маал-маалы менен протокол түзүүдө ката кетирген соттордун катчыларынын ишине нааразы болгон учурлар бар. Кыргызстандын сотторунда бул көйгөйлөргө каршы санариптештирүүнүн маанилүү болгон технологиясы – аудио-видео фиксация (АВФ) киргизилүүдө. "Сотко ишеним" долбоору USAID жана IDLO тарабынан Кыргызстандын сот системасы менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Учурда АВФ системасы 157 сот залында ишке кирди. Мындан тышкары сот кызматкерлери бул системаны колдонуп-иштетүүсү үчүн окутуулар өткөн. Сот отурумдарын АВФ жазуу менен камсыздоо жалган көрсөтмөлөр менен сот катчыларынын ишин кандайча өзгөртөөрү жөнүндө бул макалада камтыйбыз.

Соттун катчысына жүктөлгөн жогорку жоопкерчилик

Адатта белгилүү бир судьяга дайындалып, анын ишин документалдык жактан камсыз кылган Сот жыйналышынын катчысы процесстерди уюштурат. Ал мамлекеттик кызматкер.

Анын негизги милдети – сот отурумунун протоколун жүргүзүү, анда ал соттун жана процесстин катышуучуларынын бардык иш-аракеттерин, ошондой эле соттун чечимдерин кылдат жана туура баяндашы керек. Себеби аны тараптар кассациялык жана апелляциялык сотто далил катары колдоно алышат. Ал эми көпчүлүк сот катчылары салттуу диктофон жана тез терүү ыкмасын колдонуп келген, эми АВФ алардын ишин жеңилдетет.

Аудио-видео фиксация 157 сот бөлмөлөрүнө учурда киргизилген, ал – бир нече микрофондорду жана видеокамераларды камтыган жогорку сапаттагы санариптик жазуу жабдууларын колдонууну камтыйт. Аны колдонуу Жазык-процесстик кодексинде милдеттүү деп жазылган. АВФти колдонуу боюнча нускамада бул жазуулар жана протокол соттун сервердик жабдыктарында автоматтык түрдө сакталат, андан кийин сот тутумунун серверлерине көчүрүлөт деп айтылат.

Толук протоколдун даярдалышы

АВФ сунуштаган эң маанилүү технологиялык мүмкүнчүлүк – бул тутум автоматтык түрдө сот отурумунун протоколуна тексттик шаблонду даярдаганы. АВФ жазууларын угуу аркылуу катчы сот отурумунун толук протоколун даярдайт. Катчы протоколдун тексттик бөлүгүн гана өзгөртө алат, ал эми АВФ жазуулары өзгөрүүсүз калат. Демек аудио-видео жазуулар сотту толук чагылдырат, ар бир сүйлөгөн адам боюнча белгилер коюлуп, буга байланыштуу ар бир протоколдо тараптардын аты-жөнү жана убактысы көрсөтүлгөн маалыматтар болот.

АВФ тутумун баштоо жана иштетүү үчүн катчылар билимге жана жөндөмгө ээ болушу керек. Дал ушул максатта USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын колдоосу менен Сот тутуму өлкө боюнча сот кызматкерлери үчүн масштабдуу окутуу программасын жүргүзгөн.

Сотто катышуу маданиятын өзгөртүү

Сот процессинин катышуучуларынын маданиятын жана сотторго болгон ишенимин жогорулатууга АВФ түздөн-түз жардам берет. Андан тышкары судьяларды, прокурорлорду жана адвокаттарды да тартипке салат. Себеби АВФ жогорку сапаттагы микрофондорго жазылган үн менен камсыз кылынат, видеокамералар дагы бир нече тарапта  жайгаштырылган.

Эгерде сотто катышып жаткан тараптардын бири этикага жат же мыйзамсыз жүрүм-турумун жасап жатса, ал эми экинчи тарап соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга даттанууну чечсе, АВФ протоколдору ага эң сонун далил болуп саналат. Тараптардай эле, судья дагы этикага сыйбаган ишти сот процесси учурунда жасап коюушу ыктымал, мындай учурда АВФтин протоколдору Тартип комиссиясы же Соттор кеңеши аркылуу кылмыш ишин козгоого далил болот.

Белгилей кетчү нерсе, АВФ протоколу толугу менен тараптарга берилиши мүмкүн. Ал учурда дискке жазуу түрүндө берилет, ал эми келечекте алыстан кирүү мүмкүнчүлүгү менен берилип баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости