www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө бир жумадан бери изделип жаткан кытайлык студенттин сөөгү Каракол капчыгайында суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Сай Тун Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган.

Ушул эле күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн. Анын негизинде аталган кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрдү.

"25-августта саат 15:59да Каракол шаардык ӨКБнө жарандан Каракол капчыгайында суунун ичинде адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, кытайлык студенттин сөөгү суудан чыгарылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости