www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт”

Сапар Исаков учурунда мамлекет башында турган, экинин бири. Орусиянын президенти Владимир Путин Сапар Исаковду далысынан сылап, жылуу жүз менен карагандыктан, ал кийинки президент болобу дегендей да кеп тараган.  Бирок аны кылмыш ишине шектүү деп кармашып, соттолуп кетти. “Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет” деген бар. Өкмөт башчысы болуп турганда кочкорлук жердеши Калык Султанов Сапар Исаковдун каймагын калпып жеп, жакшылыгын көргөн. Ага чейин Калык Султанов “Ата-Мекен” фракциясынан беш жыл боюу Жол жана унаа министри болуп, президент Атамбаевдин башын айлантып  Кытайдын “Эксимбанкынан” миллиондогон долларларды карызга алууга көмөкчү болгон. Сапар Исаковдун көмөгү менен 2016-жылы башына күн түшүп турган “Ата-Мекенди” “кидать” этип, президент Атамбаевге кеңешчи болот. Президент Атамбаевдин башына күн түшөөр менен, аны “кидать” этип премьер-министр жердеши Мухаммедкалый Абылгазиевке кеңешчи болуп кетет. Бүгүнкү күнү Калык Султанов өзүн колдоп, көтөрмөлөп келген Сапар Исаковдун үстүнөн ор казып, тескери берилген көрсөтмөсүнөн улам шарты оорлотулган абакка которулду.  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Молдовановка айылындагы №27 абакка которулганы боюнча түшүндүрмө берди. Жаза-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүмүндө соттолгондор жазасын ар кандай жерлерде өтөөгө жөнөтүлөт деп жазылган экен. Мындан улам соттолгон Сапар Исаков 23-сентябрь күнү №27 түзөтүү абагына которулуптур. Эске салсак, ушул жылдын 23-апрелинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости