www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча жараян 28-сентябрга которулганын айыпталуучулардын адвокаттары билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот айыпталуучулардын бири Нооруз Капарбек уулу Ысык-Көлдө инисинин тажиясына кеткендиктен, териштирүүнү жылдыруу тууралуу чечимге келди.

Кой-Таш окуясы боюнча сот ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жабык каралып келүүдө. Бул жумадагы эки жараян адвокаттардын бири ооруп келбей жатат деген негизде улам артка жылып, болгон эмес.

Буга чейинки жараяндарда жабырлануучу-күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн онго жакын кызматкери көрсөтмө берген.

Сот «Альфанын» Кой-Таш окуясына катышкан 54 кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан. Алардын баары көрсөтмө берүүгө тийиш.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Ондогон киши түрдүү жараат алган.

ИИМдин Тергөө кызматы окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 кишиге йып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Буга чейин сот Кой-Таш ишин териштирүүнүн жана камактагылардын мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости