www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэри Трамп эмне үчүн Дональд Трампты сотко берди?

АКШнын президенти Дональд Трампты өзүнүн жээни Мэри Трамп сотко берди. Арыз алдамчылыкка байланыштуу экенин РИА Новости жазды.

Соттук иште АКШнын президенти Дональд Трамп, анын карындашы Мэриенн Трамп-Бэрри жана мураска калган мүлктү бөлүштүрүүчү катары саналган, август айында каза болгон бир тууганы Роберт жоопкер болууда.

Мэри доо арызында 1980-жылдардан тарта Дональд, Роберт жана карындашы Мэриенн аталары каза болгондон соң аларга мурас калган кыймылсыз мүлк империясын көзөмөлгө алышып, көп акча табуу үчүн түрдүү айла-амалдарды жана мыйзамсыз схемаларды колдонушканын айткан. Доочу ошондой эле алар салык төлөөдөн качып, бизнес-өнөктөштөрүн алдап жана кирешеси төмөн ишкерлер үчүн ижара акыны кымбаттатканын белгилеген.

Маалыматка караганда, атасы каза болгондон кийин Трамптын жээнине үй-бүлөлүк мүлктүн бир бөлүгү мураска калган. Бирок ал мураска ээлик кылууга жашы жете элек куракта болгондуктан анын үлүшүнө Роберт, Дональд жана карындашы Мэриенн үчөө жоопкер болушкан. Бирок Мэринин кызыкчылыгын коргоонун ордуна алар анын активин ээлеп алуу үчүн татаал схемаларды ойлоп таап, мүлкүнүн чыныгы баасы төмөн экенин айтып алдашкан.

Соттук документтерге ылайык, Мэри өзүнө калган мүлктүн реалдуу наркы жана өлчөмү жөнүндө алданганынан улам бир тууган Трамптардан келтирилген чыгымдарды ордуна коюуну, ошондой эле кеминде 500 миң доллар компенсация талап кылууда.

Мэри жайында Трамп жөнүндө "Менин үй-бүлөм дүйнөдөгү эң кооптуу адамды кантип түзгөн" деген аталышта китеп жазып чыгарган.

Трамптын жээни диплому бар психолог. Ал АКШнын 45-президенти жаштайынан эле алдамчылыкка, башкаларды өз кызыкчылыгына пайдаланууга шыктуу экенин өз эскерүүлөрүндө айтат. Сот адегенде китепти басып чыгарууга тыюу салган, бирок апелляциялык сот ал чечимди жокко чыгарган.

Китепте камтылган маалыматтардын бир бөлүгү Мэри менен президенттин карындашы Мэриэнн Трамп-Бэрринин сүйлөшүүсүнө негизделген. Аны Washington Post гезити басып чыгарган. Жарыяланган макалада Мэриэнн Трамп-Бэрри өзүнүн бир тууган агасын принциби жок ырайымсыз жана калпычы адам деп атаганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости