www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ:

Дүйнөлүк даярдыктын жана кызматташтыктын жоктугунан коронавирус көзөмөлдөн чыкты. Бул тууралуу кечээ, 24-сентябрда БУУнун башкы катчыс Антонио Гутерриш Башкы Ассамблеянын 75 жылдык мааракелик сессиясынын алкагында Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги отурумунда билдиргенин чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, адамзат пандемиялык сыноодон өтпөй калды.

“Пандемия – эл аралык кызматташтык үчүн сыноо болуп саналат, бул сыноодон өтпөй калдык. Дүйнөдө ал 1 миллионго жакын адамдын өмүрүн алып, 30 миллиондон ашуун адам вируска чалдыккан. Вирус көзөмөлдөн чыгып кетти. Бул глобалдык даярдыктын, өз ара аракеттенүүнүн, биримдиктин жана тилектештиктин жоктугунан келип чыккан” – деп билдирди Антонио Гутерриш.

“Коронавирус бүткүл дүйнөбүзгө кара көлөкө болуп түштү. Бирок бул ошондой эле иш-аракет кылышыбыз керек дген эскертүү болуп калды. Бизде башка айла жок.. Же биз максатына ылайык келген глобалдык институттарга биригебиз, болбосо бизди чыр-чатак жана башаламандык басып калат” – дейт ООНдун башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости