www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25 жаштагы Иван Ильин Кыргызстанда туулуп, Екатеринбургда жашап жаткан кыздарга мыкаачылык менен кол салууга шектелүүдө.

Бүгүн, 23-мартта «РИА Новости» басылмасы билдиргендей, Свердлов райондук Тергөө комитети шектүү мындан башка дагы өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн экенин божомолдоду.

Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, Ильин өзү туулган Курган шаарындагы мектепти аяктаган. Ал жактан Екатеринбург шаарына көчүп барып, Урал федеративдик университетине лингвист-чыгыш таанучу адистигине тапшырган.

Ильин Япониянын маданиятына жана тарыхына кызыгат. Ал Азияда төрөлгөн аял кишилер кабылган оор кыйноолор баяндалган комикс, тасма жана адабияттарга кызыкчу.

Шектүү социалдык тармакта 2 топ ачып, анын биринде согуш учурунда чыккан Япониянын журналында баяндалган тарыхый окуяларды жарыялап келсе, экинчисинде ар кандай мазмундагы китептерди жарыялап турган.

«Андан тышкары япониялык тасма жана видеороликтерге субтитрлерди даярдачу. А түгүл япониялык пьеса, ыр, комикстер камтылган бир нече журнал чыгарууга жетишкен. Алардын мазмуну Азияда төрөлгөн аял кишилерди кыйноо жана зомбулукка байланыштуу болчу», - деп жазышты ЖМКлар.

2020-жылы кыш мезгилинде Ильин соцтармакка билдирүү калтырган. Ал аял кишилер боюнча калыптанып калган көз караштарды сындап, Азиянын айымдарынын сулуулугуна таңданган.

Бирок ага чейин 2020-жылы сентябрь айында Ильин подъездде 17 жаштагы кыргызстандык кызга кол салган. Шектүү кыздын аркасынан келип, далына жана курсагына бычак сайган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, окуя болгон күнү Ильин жабырлануучуну аялдамадан көрүп калып, аркасынан аңдып барган. Андан соң көп кабаттуу үйдүн подъездинде эч ким жок экенин көрүп, кол салган.

Кийинчерээк жабырлануучунун туугандары журналисттерге маалымат берип, 17 жаштагы кыз бөйрөгүнөн жана ичегисинин бир бөлүгүнөн айрылганын айтышкан. Жабырлануучу Кыргызстандан Екатеринбургга конокко барган.

Андан кийин Ильин 19 жаштагы Гуля аттуу кызга кол салган. Гуля — Кыргызстанда төрөлгөн, бирок Россиянын жарандыгын алган. Анын үй-бүлөсү 16 жыл мурун Екатеринбургга көчүп барган. Гуля ата-энесинен өзүнчө бөлүнүп, ижарага алган батирде жашап жаткан.

Окуя болгон күнү ал жумуштан үйүнө кеч кайткан.

«Трамвайга отуруп, «Уралмаш» метросунун станциясында чыккам», - деген Гуля журналисттерге.

Анын айтымында, Ильин аркасынан аңдып, эки имаратты байланыштырган аркага жеткенде кол салган.

«Элес-булас билем. Мен ооруну сезгенде сол колум менен башымды жаптым. Андан кийин дагы эки жолу сокку урду. Аркага унаа келе жатканда кол салган адам бычакты ыргытып, качып кетти. Мен унаага кол булгап, жардамга чакырдым. Ошол учурда ортон манжам жок экенин, сөөмөйүм териде араң кармалып турганын көрдүм», - деди Гуля.

Андан башка адамдар чуркап келип, тез жардам кызматын жана полиция чакырышкан.

Жогорудагы 2 кыз тең майып болуп калды.

Иван Ильин ушул жылы январь айында кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда бычактын түрүн табышкан. Ошондой эле ал кыздарга кантип кол салгандыгы жөнүндө күндөлүгүнө жазган.

Ильин психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости