www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын санкцияларына кабылган Кытай менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Бээжиндеги жолугушууда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүн саммит өткөрүүгө чакырышты. Ван И менен Сергей Лавров 23-мартта Кытай башкалаасында өткөн биргелешкен пресс-конференцияда Батыш өлкөлөрүнүн сынын четке кагышты.

Министрлер Москва жана Бээжиндин көз карашында АКШ «кансыз согуш» доорундагыдай саясий альянстарга таянып, эл аралык укуктук түзүлүштү жок кылууга аракет кылууда деп билдирди. Министрлер алардын ички иштерине кийлигишүү болуп жатканын айтып, «демократиялык моделдин жалгыз бир стандарты жок» деп биргелешкен билдирүүдө белгилешти.

Ван И Европа Биримдиги, Британия, Канада жана АКШнын Шинжаңдагы мусулмандардын укуктарын бузуу үчүн кытай аткаминерлерин бутага алган санкцияларын катуу сындады.

Эки өлкөнүн башкы дипломаттары адегенде дүйшөмбүдө Кытайдын түштүгүндөгү Наннинг шаарында кездешти. Жолугушууда министрлер башка өлкөлөрдүн ички иштерине аралашып жатат деп Вашингтонду айыпташты жана АКШны Ирандын ядролук программасы боюнча эл аралык келишимге кайтууга үндөштү.

2018-жылы мурдагы президент Доналд Трамп сөз болгон келишимден чыгып кеткен. Кытай менен Орусия 2015-жылы жетишилген документке кол койгон жети мамлекеттин катарына киришет. Бул эки өлкө тең Иран менен тыгыз кызматташат. «Бир тараптуу санкцияларга каршы турушубуз керек», -деп айтты Ван И.

Анын бул комментарийи алдында Кытай жооп иретинде Еврошаркеттин 10 өкүлүнө жана төрт компанияга каршы санкция салынарын жарыялаган. Бул Брюсселдин соңку 30 жылдагы Кытайга карата алгачкы санкциясы болуп калды.

Батыш өлкөлөрү Кытайга карата Шиңжаңдагы түпкүлүктүү улуттарга карата куугунтукту сындап келе жатат. Буга чейин АКШ, Канада сыяктуу өлкөлөр муну «геноцид» деп атаган болчу. Ал эми Орусияга Крымды аннексиялашы, Донбасстагы согуш, АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү жана Алексей Навальный баш болгон оппозициячыл саясатчылардын өмүрүнө кол салып, куугунтуктоого байланыштуу алака начарлап, санкциялар киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости