www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажик элине көп жакшылыктарды жасадык”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Учурда чоң көйгөйгө айланган Тажикстан менен чектеш жерлерибиз болуп жатат. Мен дагы өз билгенимди айтайын, биз тажик элине бир топ жакшылыктарды кылдык. Баткен тарапта туугандардын энергетикалык кыйынчылыктардан чыгуу маселесинде дагы узундугу 19 км, фактылай 20,8 км жалпы аянты 104,4 гектар жерди Айгүл-Таш-Канибадам ЛЭП куруу үчүн берген биз болобуз. Анын ордуна, келишим боюнча бизге, жол салууга Исфара-Ворух жолунда жайгашкан Сурх айылынын түндүк тарабынан узундугу 3,5 км аянты 5га жер берүү милдеттемесин алышкан болчу. Жыйынтыгында алар убадасына турбай, ар кандай шылтоолор менен 5га жерди берүүдөн баш тартып, атайлап “чыр” чыгарттырып, убакытты создуктуруп, кийинчерээк биздин аткаминерлерибиздин баштарын айлантып, анын ордуна жаңы келишимдин негизинде Чорку айылынан өткөн узундугу 275 метр сайдын жерин берүүгө, эстакадалык жол көпүрө салууга биздин алдыбызда милдеттенме алып кепилдик беришет. Тилекке каршы, убакытты дагы атайлап 3 жылдан ашык созуп, анысын да аткарган эмес. Салыштырып көрсөңөр, биз берген 20,8 километрдин ордуна, 275 метр жер беребиз деп акыркы убадасына дагы турбаган биз эмес алар болду”, - дейт саясий ишмер.
Булак: NazarNews.kg