www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы ишкерлер эгерде салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча топтолуп калган негизги карызын төлөсө, алар үчүн чыккан туумдар менен салыктык санкциялар жоюлат. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрлик 2020-жылдын август айында «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандыгын эске салды. Аталган документ коронавирус пандемиясы учурунда көптөрдүн иши токтоп калгандыктан жарандар менен бизнести колдоого алыш үчүн иштелип чыккан.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, салык төлөөчүлөр салыкты өз учурунда же толук төлөбөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-июлуна карата чыккан туум менен салык санкцияларынан аны өкмөттүн жоюп салуусу менен кутулат.
Жоюунун шарттары:
100 пайыз — 2021-жылдын 1-июлуна чейин негизги карыздарынан толук кутулса;
50 пайыз — 2021-жылдын 31-декабрына чейин негизги карыздарынан толук кутулса.
Министрлик бизнесмендерди карыздардарын жогорку мүмкүнчүлүктөн пайдаланып төлөп калууга чакырды. Былтыр мындай мүмкүнчүлүктөр 2020-жылдын 1-мартына карата туум чыккан жана салыктык санкциялары бар ишкерлерге карата колдонулган.
Булак: NazarNews.kg