www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириңерден бириң эр, маселе чечкен кимиңер?

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин облусту башкарып жатканына дээрлик 3 жылга аяк басты. Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, Садыр Жапаров менен досу Камчыбек Ташиев эки тизгин бир чылбырга ээ болгондон бери губернатор болуп иштеп жатат. Кызматка дайындалганда Ташиевдин өкүл баласы экени айтылган. Дал ушул губернаторго Ташиевдин буйрук берип жаткан окуя коомчулуктун көңүлүн бурду. 

Тактап айтканда, өткөн жумаларда орозо аяктаар алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү туулуп өскөн айылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагында 5 миң кишиге ооз ачырган. Ооз ачаарга карапайым эл эле эмес, Жалал-Абад облусунун болгон жетекчилери да келгени маалым болгон. 

Мындай мүмкүнчүлүк дайым эле боло бербейт. Муну жакшы билишкен ооз ачаарга келген карапайым калктын ичинен айрымдар Ташиевге арыз-муңун айтып, көйгөйлөрүн чечтирип калуунун аракетин көрүштү. 

Дал ушул өңүттө, арызын айтып жаткан аялдын маселесин чечип берүүнү Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сыргабаев Абсаттар Токтогуловичтен талап кылып, дайындап жаткан видеосу Фейсбук желесине тарап, кызуу талкуу жүрдү. 

Ал видеодо Камчыбек Ташиев губернаторого: "Тамак жебей ачка калсаң да, ушул кишиге жардам бересиң! Түшүндүңбү? Экинчи, укпайын кайра", - деп ага кайрылган аялга жардам берүү маселесин дароо чечип, тапшырма берип дайындап жатканын көрүүгө болот. 

Бул видеону көргөндөр Ташиевдин чечкиндүүлүгүн, арыз-муңун айтып кайрылган жарандарга кайдыгер карабаган жөнөкөйлүгүн айтып макташса, айрымдар Ташиев өзүн президент сезип алганбы, өзүнүн ыйгарым укуктарына кирбеген иштерге кийлигишип, губернатордун чарба иштерине, социалдык маселелерине аралашып тапшырма берип жатканы туура эместигин айтышып сынга алышты. Ал түгүл президенттен тизгин талашкан өзүм билемдик одоно ката катары баалгандар болду. 

Айтор, ушунун өзү эле президент өз алдынча, Ташиев өз бетинче иш кылышаары айгине болду. Өзгөчө Ташиевдин эч кимге көз каранды эмес, өзүнчө маселе чечип, өзүн-өзү билерин коомчулук так түшүндү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости