www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бирик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары шайлоого чогуу аттанышат. Партиянын лидерлери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кол коюудан кийинки билдирүүсүндө, саясатчылар Жогорку Кеңеште боло турган шайлоонун маанилүүлүгүн белгилешти жана шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга үндөштү эки партиянын өкүлдөрү.

“Башкы максат Кыргызстанды анык багыттуу өлкөгө айландыруу жана кыргыз элинин жашоо шартын жакшыртуу үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү болуп саналат”, – деп айтылат меморандумда.

“Бирик” партиясы Чүй жана Нарын облустарында өзгөчө популярдуулугу менен айырмаланат. 15 000ден ашуун мүчөсу бар партия “Мекеним Кыргызстандын” желеги астында шайлоого катышмакчы.

Өз булактарынын маалыматына караганда, жакынкы аралыкта «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарына бир катар башка белгилүү саясий бирикмелердин кошулушу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Башында 44 партия катталган, бирок экөө – “Демократ” жана “Коммунисттик партиясы” шайлоого катышпай тургандыгын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости