www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус: АКШ  Кыргызстанга  дагы 190 милллион сом бөлдү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшкө кошумча 190 милллион сом бөлдү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөө, тестирлөө, дартты аныктоо жана вируска байланышкан тобокелдиктер жөнүндө элге маалымдоону жакшыртууга жумшалат.

Ал эми каржылык жардам USAIDдин "ABT Associates" уюму ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо тармагынын туруктуулугу” долбоору аркылуу берилет. Аталган долбоор бейтапканаларга жана башка медициналык уюмдарга инфекциянын алдын алуу жана анын жайылышын токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жардам берет.

2020-жылдын март айында USAID медициналык кызматкерлерге коргонуу каражаттарын, пандемияга каршы алгачкы аракеттерди колдоого 95 миллион сом берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости