www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги мурунку президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кой-Таш окуясына бир жыл болгонуна байланыштуу, аталган окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон Артур Медетбековду кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Артур Капарович, Алмазбек Атамбаев башында турган трагедия менен аяктаган Кой-Таш окуясына туура бир жыл болду. Опурталдуу окуя өз баасын алдыбы?

-Кой-Таш окуясы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башкарган, эки жолу премьер-министр, аскердик кол башчы болгон адам, конституциялык мамлекеттин түптөлүшүнө каршы чыкканы үчүн опурталдуу окуя болгон. Бир нече кишилер жарадар болуп, бир киши каза болуп, ал окуя трагедия менен бүткөн. Жыйынтыгында мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана ошол окуя болгондо жанында болгон саясатчылар камакка алынган. Бул окуя боюнча убагында мамлекеттик комиссия түзүлүп, саясий-коомдук баа берүү аракети жасалган. Укук коргоо органдары, сот процессинин жыйынтыгы менен укуктук баа берилет деген ойдомун. Ошондой эле мезгили келгенде бул окуя тарыхый баасын алат деп ойлойм. Ошон үчүн упай топтойм дебей Кой-Таш окуясы боюнча саясатчылар да терең ойлонуп, адилеттүү баасын бериши керек. Эң негизгиси Кой-Таш окуясынан жөнөкөй адамдан, жогорку деңгээлдеги мамлекет башчыларына чейин чоң сабак алышы керек.

-Айтканыңызга ынаналы. Ал окуя боюнча камалгандардын баарынын күнөөсү аныкталганбы же саясий куугунтуктун негизинде эле камакка алынганбы?

-Кой-Таш окуясына тийиштүү делип камакка алынгандардын күнөөсү аныкталып, такталып камакка алынганын укук коргоо органдарынын териштирүү иштеринин негизинде жана экспертизалык анализдердин жыйынтыгы, сот процессинин чечими менен чыгат деген ойдомун. Бирок, канткен күндө да Кой-Таш окуясына катышкан жана ошол жерде кокусунан кармалып, кийин териштирүү иштери менен  үй камагына чыккан адамдардын баары күнөөлүүбү же күнөөсү жокпу, соттун чечиминен кийин билинет. Ошентсе да камалгандардын арасынан өз алдынча бөлүп айтып кете турган фигура бар. Ал Курсан Асанов. Ага ошол окуянын айынан кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө иши сотко өткөнү коомчулукта катуу талкууланып жатканы, түрдүү пикирлерди, бүдөмүк ойлорду жаратууда. Ал боюнча айтылган сөздөргө да сот чекит коёт деген үмүттөмүн.

-Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан Курсан Асанов Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан кызыл баштыктын ичинде эмне бар экенин биле алдыңарбы?

-Курсан Асанов Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан кызыл баштык боюнча ар кандай сындар, табышмактар бүгүнкү күнгө чейин айтылып келе жатат. Чынын айтканда, ал баштыктын ичинде эмне бар экени ошол убактагы жана азыр жүрүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгында айтылып, сот процессинде аныкталып, такталышы керек. Ал эми мамлекеттик комиссия ар бир деталга тергөөнүн купуя сыры болгону үчүн кийлигише албайт. Ошон үчүн ал кызыл пакет боюнча эч нерсе айталбайм.

-Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу адилеттүү эле жазылганбы же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы эске алынганбы?

-Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия үч ай ал окуянын күңгөй-тескейин иликтеп, көптөгөн адамдарга жолугуп, ал окуяга катышкан күбөлөр менен да пикир алышканбыз. Ошондой эле ал окуя боюнча чогултулган улуттук коопсуздук кызматынын жашыруун материалдары менен да таанышканбыз. Кыскасы, адилеттүү жана акыйкаттуу жыйынтык чыгарганга аракет кылганбыз. Ошондой болсо да, Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун кээ бир саясатчылардын жана айрым саясий партиялардын сын пикирине кабылган. Чынында ал окуяны иликтегенге үч ай аздык кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости