www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында медициналык объектилердин ишмердиги менен таанышты.

Өлкө башчысы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Учурда бул жерде эки кабаттуу 100 орундуу жаңы имарат курулуп жатат.

Ошондой эле Президент Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Германия Өкмөтүнүн көмөгү менен курулуп, жабдылган тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратын көрүп чыкты.

Оорукананын директору Кумар Ботокараевдин маалыматына ылайык, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты кийинки жумадан тартып толугу менен иштеп баштайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашуусунда колдонулбай туруп калган имараттарды заманбап ооруканаларга айландыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан кайра профилдөө иштери тууралуу эске салды.

«Коронавирус инфекциясынын келип чыгышы ооруканалардын жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги көйгөйүн ачыкка чыгарды», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле калк ар тараптуу медициналык кызматтарды ала турчу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде жаңы типтеги ооруканалар курула турганын белгиледи.

«Биз дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул иште биз калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн бардык тармактарды, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүү жолу аркылуу жетишилген натыйжаларга таянабыз. Бул чаралар көмүскө экономиканы азайтуу, өлкө бюджетине каражаттардын келип түшүүсүн жогорулатуу максатында кабыл алынат. Аталган каражаттарды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет санариптештирүүнүн маанисин белгилеп, оорукананын жетекчилигин аны калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө ыкчам тартипте ишке киргизүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости