www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмирлигинин Туризмди өнүктүрүү департаментинин (RAKTDA) маалыматына караганда, буга чейин Гиннестин китебине фейерверк боюнча бир нече жолу кирген Рас-эль-Хайма (эмирлик — ред.) жаңы жыл түнү дүйнөлүк дагы эки рекорд коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Рас-эль-Хайма эмирлиги фейерверктерди бир учурда учурган дрондордун саны боюнча рекордду жаңыртууга белсенип жатат. Экинчиси, асманга дрондорду тизип, ал аппараттар менен эң узун сүйлөм жазуу болмокчу. Фейерверктин 12 мүнөткө созулары, иш-чара Маржан аралы менен Аль-Хамра районунун ортосундагы жээкте өтөрү айтылган.

Маржан аралынын каршысындагы атайын аянтча жаңы жылдык шоуну көрүү үчүн идеалдуу жер болмокчу. Ошондой эле майрамдык маанайдагы иш-чаралар Маржан аралынан Аль-Хамра аймагына чейинки жээкте жайгашкан бардык мейманканаларда өткөрүлөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости